Румынияда бүгүн 26-февралда президенттикке мурдагы талапкер, жыйынтыгын Конституциялык сот жокко чыгарган шайлоонун биринчи айлампасында жеңген улутчул саясатчы Кэлин Жоржеску кармалды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, полиция анын өнөктөшү жана жансакчысы Горациу Потраны да кармап кетти. Анын үйүн тинтүү учурунда накталай миллиондогон доллар жана курал-жарак табылган.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, 26-февралда эртең менен 47 жерде тинтүү жүргүзүлгөн. Жоржеску сурак берүү үчүн прокуратурага жеткирилди. Учурда ал үгүт өнөктүгүн мыйзамсыз каржылоо жана шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу кылмыш иши боюнча шектүү эмес, күбө катары өтүп жатканы кабарланды.
Былтыр 24-ноябрда Румынияда өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасын орусиячыл талапкер, анча таанымал эмес ашынган оңчул саясатчы Кэлин Жоржеску күтүүсүздөн жеңген. Румыниянын Конституциялык соту жергиликтүү атайын кызматтын анын шайлоо өнөктүгүнө Орусия кийлигишкени боюнча далилдерине таянып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.
Жоржеску НАТОну сындап, Украинага жардам берүүгө каршы чыгып келген.
4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия "ТикТокто" Жоржескуну колдогон кеңири кампания жүргүзгөн.
Орусия Румыниядагы шайлоого аралашканы тууралуу айыптоону четке кагып келет.
10-январда Жоржескунун адвокаттары Конституциялык соттон чечимин өзгөртүүнү, биринчи турдун жыйынтыгын калтырууну өтүндү.
Жаңы шайлоо 4-майга белгиленди. Жоржеску анда ат салыша алабы же жокпу, белгисиз.(AiA)
Шерине