Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинадагы согушка катышкан Казакстандын жараны Петр Мирошниченконун баш калка сураган өтүнүчүн кабыл алды. Бул тууралуу 24-февралда министрликке караштуу Миграция боюнча башкармалыкка таянып "РИА Новости" агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, мекеме Мирошниченконун арызын кабыл алды. Аны кароо бир айдан үч айга чейин созулушу мүмкүн. Бул убакыт ичинде казак жаранын эч ким депортациялай албайт.
"Настоящее Время" телеканалы кабарлагандай, 41 жаштагы Петр Мирошниченко Казакстандын Акмоло облусунда туулуп-өскөн. Ал 2023-жылы Орусиянын армиясына өз эрки менен кошулуп, Украинадагы согушка катышкан.
Мирошниченко бир нече ай фронтто жүрүп, кайткандан кийин рейд учурунда миграциялык картасынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кармалган. Полиция аны миграциялык мыйзамдарды бузду деген жүйө менен Казакстанга депортациялаган.
Анын өзүнүн сөзүнө караганда, Казакстанда коопсуздук кызматынын өкүлдөрү чакырып, бир ай ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылышкан.
"Мыйзамдуу жол менен муну ишке ашыра албагандыктан чек арадан мыйзамсыз өтүп, орус чек арачыларынын колуна түшүп бердим", - дейт ал.
Мирошниченко буга чейин бир нече ирет Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, Казакстанга барса соттолуп кетерин айтып, башпаанек берүүсүн өтүнгөн.
Орусиядагы мыйзамга ылайык, Коргоо министрлиги менен бир жылдан ашуун убакытка келишим түзгөн чет элдиктердин жарандык алуу боюнча арызы кошумча шарттарсыз кабыл алынат.
Ал эми Казакстандын коопсуздук кызматы Мирошниченко мекенине кайтса соттолорун билдирген.
Украинадагы согушка орус армиясынын катарында катышкан дагы бир жаран, кыргызстандык Аскар Кубанчбек уулу да былтыр өзүнүн өтүнүчү менен орус жарандыгын алганы маалым болгон.
Шерине