Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Түркмөн президенти 8-мартка кыз-келиндерге үч доллардан белек кылат


Түркмөнстандык аялдар.
Түркмөнстандык аялдар.

Түркмөнстан бийлиги 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата аялдарга быйыл да 60 манат (болжол менен 3 доллар) өлчөмүндө акчалай белек тапшырат.

Түркмөнстандын "Ватан" маалымат программасы аркылуу кабарлангандай, акчалай белекти тапшыруу 1-мартта башталып, 6-мартка чейин уланат. Аны мамлекеттик жана жеке ишканаларда эмгектенген аялдар, пенсионерлер, социалдык жөлөкпул алуучулар, ошондой эле бардык билим берүү жайларында (бала бакчадан баштап докторантурада окугандарга чейин)окуган кыздар ала алышат.

Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов кол койгон документке ылайык, бул каражат "өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүүсүнө аялдардын кошкон салымын таануу" жана "энелер менен эже-карындаштарды урматтоо боюнча улуттук салтты улантуу" максатында берилет.

Түркмөнстанда аялдар жыл сайын 8-мартка карата өлкө башчысынын атынан акчалай белек алышат, анын суммасы өзгөрүүсүз калып келет. Учурда 60 манатка жергиликтүү тургундар бир нече килограмм пияз же бир килограмм эт сатып алса болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG