АКШ президенти Дональд Трамп 24-февралда Ак үйдө Франциянын лидери Эммануэл Макронду тосуп алды. Экөөнүн жолугушуусу Украинадагы согушту токтотуу маселесинде АКШ менен Евробиримдиктин ортосунда пикир келишпестик көбөйүп жаткан маалга туш келди.
Сапар алдында Макрон АКШга жаңы план менен бара жатканын айткан. Ал план Орусияга тыныгуудан пайдаланып күчүн топтоп, кайра Украинага жаңы чабуул баштоого мүмкүнчүлүк бербеген кепилдиктерди камтый турганы кабарланган.
Макрон ошондой эле Трампты Европасыз же Украинасыз Кремль менен макулдашууга барбоого көндүрүүгө ниеттенип жатат.
"Президент Путиндин алдында алсыз боло албайсыңар. Бул силер эмессиңер, силердин беделиңер эмес жана силердин кызыкчылыктарга туура келбейт. Эгер Путиндин алдында алсыз болсоңор, кантип Кытайга абройлуу боло аласыңар?", - деген сөздөрдү Трампка айтарын Макрон жолго чыгар алдындагы маалымат жыйында билдирди.
Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен дипломатиялык алаканы жандантып, Украинадагы согушту токтотуу келишимин түзүүгө даяр экенин айтып АКШнын Европадагы өнөктөштөрүнүн тынчсыздануусун жараткан. Европа жана Украина бул жараяндан четте калабыз деп кооптонуп турушат.
Макрондун Вашингтонго сапары ондон ашуун мамлекеттин лидери Киевге согуштун үч жылдыгына карата чогулган маалда өтүүдө. Украин баш калаасындагы саммитте ондогон мамлекеттин лидерлери өз колдоосун билдирип, жаңы аскердик жардам жеткирерин жарыялашты.
24-февралда Орусиянын Украинага кол салышына үч жыл болду. Орусиянын президенти Владимир Путин согуш ачкандагы максатын Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден бошотуу” катары түшүндүргөн. Бирок анын чоо-жайын так айткан эмес.
Шерине