Apple компаниясы 24-февралда жарыялагандай, ишкана алдыдагы төрт жылда АКШга 500 миллиард доллар инвестиция салууну пландап жатат.
Бул каражатка Техаста жасалма интеллект серверлерин чыгаруучу ири завод курулуп, өлкө боюнча 20 миңдей жумуш орундары түзүлөт.
Өткөн жумада компаниянын башкы директору Тим Кук АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукканы тууралуу кабарлар тараган.
Маалыматка караганда, жаңы ишке алына тургандар негизинен жасалма интеллект тармагында изилдөө иштери менен алектенишет.
Трамп Truth Social социалдык тармагы аркылуу жасаган билдирүүсүндө Apple менен Кукка ыраазычылыгын айтып, бул кадам компаниянын анын администрациясына болгон ишенимин көрсөтөрүн кошумчалады.
Apple компаниясынын керектөөчү товарларынын көбү чет жакта чогултулат, бирок бир катар компоненттери дагы эле АКШда өндүрүлөт.
Apple 24-февралда Foxconn (расмий аталышы Hon Hai Precision Industry) компаниясы менен биргеликте Хьюстондо 250 000 чарчы фут аянттагы объект куруп, ал жерде Apple Intelligence үчүн маалымат борборлоруна керектелүүчү серверлер чогултуларын билдирди.
Кошмо Штаттардын президенти жакында жасалма интеллект багытындагы 500 миллиард долларлык ири долбоор башталарын жарыялаган.
Шерине