Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Түркия Украина–Орусия сүйлөшүүсүн өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди


Хакан Фидан жана Сергей Лавров. Анкара. 24-февраль, 2025-жыл.
Хакан Фидан жана Сергей Лавров. Анкара. 24-февраль, 2025-жыл.

Түркия Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү боло турган болсо, аны өткөрүп берүүгө жана тынчтыкка багытталган демилгелерди колдоого даяр. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан 24-февралда Анкарада орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен жолуккандан кийин билдирди.

НАТОго мүчө Түркияда Орусия Украинага 2022-жылы кол салгандан бир нече ай өткөндөн кийин Москва менен Киев ортосундагы алгачкы сүйлөшүү өткөн. Анын жыйынтыгында Кара деңиз аркылуу украин данын экспорттоо боюнча келишим түзүлгөн.

"Биз буга чейин өткөрүп келгендей эле, бул жолу да уюштуруп берүүгө даярбыз", - деди Фидан.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинадагы согуштун үч жылдыгына карата жасаган видеокайрылуусунда Анкара Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдорун дагы бир ирет кайталаган.

Лавров Орусиянын согушту токтотуу талаптары боюнча позициясы өзгөрүүсүз каларын, анын ичинде Украина НАТОго кирбесин деген талапты талкуулоонун да зарылчылыгы жок экенин баса белгиледи.

Сауд Арабиясында 18-февралда Вашингтон менен Москванын жогорку деңгээлдеги делегацияларынын сүйлөшүүсү өтүп жаткан маалда Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкарада Эрдоган менен жолуккан.

Зеленский анда Түркияны коопсуздуктун маанилүү кепилдиги катары карарын айткан.

24-февралда Орусиянын Украинага кол салышына үч жыл болду. Орусиянын президенти Владимир Путин согуш ачкандагы максатын Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден бошотуу” катары түшүндүргөн. Бирок анын чоо-жайын так айткан эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG