Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну К.Н. үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалып, соттун чечими менен бир айга камакка алынды. Буга анын мурдагы жубайы К.А. жазган арыз негиз бергенин Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 24-февралда кабарлады.
Маалыматка ылайык, 19-февралда Каракол ШИИБине арыз менен шаардын 32 жаштагы тургуну К.А. кайрылып, 18-февралда саат 21:30 чамасында үйүнүн алдынан мурунку жолдошу К.Н. кезигип, чыр чыгарып, жыйынтыгында сабап, денесине жаракат келтиргендигин билдирген.
Милиция тергөөгө чейинки териштирүү алкагында жабыркаган аялдын жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен иш козголгон.
Шектүү 31 жашта экени, экөө 2016-жылы баш кошкондон үч жылдан кийин ал жубайына түрдүү зомбулук көрсөтүп келгени, келин Каракол милициясына буга чейин жардам сурап жети жолу арыз менен кайрылганы маалымдалды.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.(ZKo)
Шерине