Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:39

24-февраль: Украина согуш курмандыктарын эскерүүдө, Бишкек Газадагы палестиндерди көчүрүүгө каршы


Газа сектору
Газа сектору

24-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Украина согуштун курмандыктарын эскерүүдө

Украинадагы согуштун үч жылдыгына карата Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Литванын жана Латвиянын президенттери Гитанас Науседу жана Эдгарс Ринкевичс, Эстония менен Испаниянын өкмөт башчылары, андан тышкары Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин президенти Антониу Кушта 24-февралда Киевге барышты. ЕБ лидерлери Киевдеги саммитте Украинага колдоосун билдиришти. Ал арада Орусиянын армиясы 24-февралга караган түнү Украинанын аймагына 185 "Шахед" дрону менен сокку урду. Жыйынтыгында Днепропетров, Одесса, Киев жана облустарында инфратүзүмдөр жана карапайым адамдар жашаган турак жайлар жабыркады.2022-жылдын 24-февралында Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушун баштаганына үч жылдын жүзү болду.

Бишкек Газадагы палестиндерди башка жакка күчтөп көчүрүүгө каршы

Кыргызстан Газа тилкесинен палестиндерди башка жактарга күчтөп көчүрүү боюнча сунуштарга тынчсызданып жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 24-февралда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында билдирди. Ал Кыргызстан Газа тилкесиндеги соңку жагдайга тынчсызданарын жана палестин элинин эл аралык укук тааныган мамлекетин курушун колдой турганын кошумчалады. Эдил Байсалов эл аралык коомчулукту адилеттүүлүктү орнотууга басым жасап, жапырт жазалоону алдын алып, аймактын тургундарынын укуктарына кепилдик берген тынчтык келишимин түзүүгө чакырды.

Кардиохирургия институту убактылуу башка имаратта иштеп турат

Бишкектеги өрт чыккан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту Республикалык дартты аныктоо борборунун имаратына көчүрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди. Имарат бошотулгандан кийин анын өрт чыккан жертөлөсү толугу менен оңдолуп, үстүңкү кабаттарда косметикалык оңдоо иштери жүрөт. 11-февралдын кечинде институтта өрт чыгып, реанимацияда оор абалда жаткан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм эвакуация учурунда каза тапкан.

Мыйзамсыз кирген автоунааны легалдаштыруунун болжолдуу баасы айтылды

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген бир автоунааны легалдаштыруу үчүн болжолдуу 100 миң сомдон алынат. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Шералиев 24-февралда “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. “Айдоочу мындан тышкары мамлекеттик номур жана каттоо күбөлүгү үчүн да төлөшү керек. Ошондо болжол менен 102 миң сом болуп калат”, - деди Шералиев. Бул жумушту Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттик жүргүзө турганын, толук маалымат токтомго кол коюлгандан кийин берилерин кошумчалады. Легалдаштыруу жараяны 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү.

Салык кызматы блогерлер кайсы салыктык режимди тандашы керектигин айтты

Кыргызстанда блогерлер салык төлөөдө Креативдүү индустриялар паркына резидент болуп, атайын салыктык режимди же жалпы салыктык режимди тандаса болот. Салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, индустриянын резиденти жалпы салык режимин тандоодо салык агентине (жалданган кызматкерлердин кирешесинен) 5% киреше салыгын төлөйт. Алар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 15 жылга чейин бошотулат. Салык кызматы “блогерлик Кыргызстанда жаңы өнүгүп келе жатканын, учурда аларды салыктык талаптар менен кыйнабай туруу керектигин” белгилеген.

АКШ менен Өзбекстан минерал жана өзөктүк технология кызматташтыгын талкуулоодо

Кошмо Штаттар "маанилүү минералдарга жана жарандык өзөктүк энергетикага инвестиция салуу үчүн эки тарапка тең пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу үчүн" Өзбекстан менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен телефондон сүйлөшкөндө айтты. Мамдепартаменттин сайтына чыккан маалыматта Рубио ошондой эле расмий Ташкентке "мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштөгү кызматташтык жана террорчулукка каршы бирдиктүү аракет үчүн" ыраазычылык билдирген. Өз кезегинде Саидов Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жана Мамлекеттик департамент "эки өлкө ортосундагы бардык тармактарда стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүнү улантарын" баса белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG