Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Караколдо дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды


21-февраль күнү Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) кароосуз калган имаратта белгисиз адамдын асынган абалдагы сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Маалыматты шаардык милиция каттап, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) жана Каракол ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда шаардын Гебзе көчөсүндө жайгашкан, көп жылдан бери кароосуз калган эски банк имаратынын арткы короосунда асынган адамдын сөөгү табылган.

Териштирүү учурунда маркумдун тек-жайы аныкталган. Ал 19-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан, апасынын арызынын негизинде издөөгө алынган, 2008-жылы туулган өспүрүм баланын сөөгү болуп чыккан.

Милиция сөөктү карап чыгып, эч кандай жаракат жок экенин аныктаган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Ушуну менен февраль айында эле Кыргызстанда өспүрүмдүн сөөгү асынган абалда табылган төртүнчү окуя катталды.

22-февралда Ноокат районунун Бел айыл аймагында жашаган С.А. аттуу 12 жаштагы бала өз үйүнүн короосунда асынып каза тапканын жергиликтүү милицияга кабарланган.

16-февралда Токмокто 16 жаштагы өспүрүм каза тапканы, анын асынган сөөгү уктоочу бөлмөдөн табылганы, бала мектепте "эң жакшы" баага окуганы, үлгүлүү жүрүм-турумда болгону айтылган.

5-февралда Ысык-Көл облусунда 18 жаштагы кыз жипке асынган абалда табылган, ал оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыз өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Кийинчерээк кыздын өлүмүнө шек саналып дене тарбия мугалими кармалганы кабарланган.

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көбөйүп жатат. ИИМдин маалыматында айтылгандай, 2024-жылы балдар өлүмү менен коштолгон өспүрүмдөрдүн эки мушташы катталса, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч окуя катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары катышкан бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн кийин суицидге барган балдардын жакындары алар мектептеги чоңсунуу (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салганын айтып чыгышкан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG