Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

ИИМ жапырт башаламандык уюштурууга шектүү 11 киши кармалганын маалымдады


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги 24-февралда “Кырк уруу, жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү “зомбулук көрсөтүү менен коштолгон массалык башаламандык уюштурууга” айыпталып кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 20-декабрда бул бирикменин айрым мүчөлөрү нааразы болгон жарандарга массалык башаламандыкты даярдоого жана чакырууга багытталган жолугушууларды байма-бай өткөрүп, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууну жана мүлктөрдү талкалоону көздөгөн акция-митингдерин уюштуруп жатканы тууралуу ыкчам кабар келип түшкөн.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу") негизинде иш козголуп, 24-февралда министрликтин Тергөө кызматы алардын айрым мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

“Тинтүү учурунда далил катары граната, чолок мылтыктар, тапанча жана ок-дары, камуфляж кийимдер, атайын беткаптар, баңгизат, диний китептер, массалык башаламандык уюштуруу боюнча нускамалар, атылбоочу курал-жарак, унаа номурлары, уюлдук телефондор, флэш карталар жана башка буюмдар табылган”, - деп жазылган маалыматта.

ИИМ кармалган жалпы 11 киши Тергөө кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин, алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты да бар экенин белгиледи. Мекеме анын аты-жөнүн тактаган жок, бирок маалыматтагы инициал жана туулган жылы Бакыт Керимбековдун аты-жөнүнө туура келет. Ал 2002-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

ИИМ 2021-жылы да "Кырк уруу, жети дубан ынтымагынын" лидери жана мүчөлөрү, жалпысынан 11 адам кармалып, алардын үчөө Бишкекте милициянын убактылуу кармоочу жайына камалганын билдирген. Аларга Жазык кодексинин 267-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG