Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:36

Байден демократияны коргоого чакырды


Жо Байден, АКШ президенти Дүйнөлүк демократия саммиттинде дүйнө лидерлери менен. 9-декабрь, 2021-жыл.
Жо Байден, АКШ президенти Дүйнөлүк демократия саммиттинде дүйнө лидерлери менен. 9-декабрь, 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден уюштурган дүйнөлүк Демократия саммити расмий ачылды.

Ал азыр дүйнөдө демократия артка кетип, ага бир топ коркунуч жаралган шартта колдоо жана коргоо зарыл экенин белгиледи. Тарыхта биринчи жолу өтүп жаткан эки күндүк онлайн-жыйынга жүздөн ашуун өлкөнүн лидерлери чакырылган. Ага жарандык коом өкүлдөрү – укук коргоочулар, журналисттер, коррупцияга жана авторитаризмге каршы күрөшкөн адамдар катышууда.

"Демократияга тоскоол болгон үч негизги көйгөй"

Дүйнөдөгү демократиялык өлкөлөрдүн саммитин АКШ президенти Жо Байден 9-декабрда Вашингтондо Ак үйдө отуруп видео-байланыш аркылуу расмий ачты.

Анда негизги үч маселе-авторитаризмге каршы туруу, коррупция менен күрөш жана дүйнөдө адам укугун коргоо көйгөйү көтөрүлдү.

Жо Байден дүйнө жүзүндө демократия алсырап, авторитаризм күчөгөнү тынчсызданууга себеп экенин айтты. Ошондуктан ал лидерлерди демократиянын күчүн көргөзүүдө эриш-аркак иштөөгө чакырды.

"Бурулуш учурда" демократия коргоочуларга муктаж экенин, бул үчүн эки эсе көп күч-аракет талап кылынарын айтты:

“Биз азыр тарыхый бурулуш учурунда турабыз. Менимче, биз жасаган тандоо дүйнөдөгү жакынкы он жылдыктарга карай багытыбызды түп-тамырынан бери аныктайт. Соңку мезгилдегидей, адам укугу менен демократия артка кетип, анын көзөмөлсүз улана беришине жол беребизби же биз ага биргеликте каршы тура турган кайрат менен жигерге ээ болобузбу? Аны биздин жасаган иш-аракеттер көргөзөт. Биз муну адамзаттын алдыга карай умтулуусун улантып, эркиндик кыймылын баштоо үчүн жасашыбыз абзел”, - деди АКШ президенти Байден.

Жо Байден, АКШ президенти дүйнөлүк Демократия саммиттин ачууда. 9-декабрь, 2021-жыл.
Жо Байден, АКШ президенти дүйнөлүк Демократия саммиттин ачууда. 9-декабрь, 2021-жыл.

Жо Байден АКШ жана анын союздаштары жеке басар бийлик режимдерине караганда мамлекеттик башкарууда жана эркин экономикада демократиянын артыкчылыктарын далилдөөгө тийиш экенин айтты.

Жо Байден саммитке катышкан дүйнө лидерлеринен демократиялык институттарды чыңдоого багытталган ички реформаларды ишке ашыруу чараларын жарыялоону өтүндү.

Байден: демократия коргоочуларга муктаж

Байден азыр дүйнөдө демократияны, эркин медианы, демократиялык реформаларды колдоого 424,4 миллион доллар бөлүү максатында Конгресс менен иштешип жатканын билдирди. Авторитардык режимдерге каршы туруу үчүн натыйжалуу чаралар зарыл экенин белгиледи.

Мисалы, адам укуктарын одоно бузгандар үчүн америкалык “Магнитский мыйзамына” окшош санкциялык механизмдерди иштеп чыгып, колдонуу сунушу айтылды. Мындай чаралар деомкратиялык баалуулуктарды күчөтүп, авторитардык башкаруучуларга каршы натыйжалуу иш-аракеттердин көрсөткүчү болору белгиленди.

Жо Байден, АКШ президенти Демократия саммитинде.
Жо Байден, АКШ президенти Демократия саммитинде.

“Биз дүйнө жүзүндөгү көз карандысыз медианы колдогон, жаңы жана көп тараптуу коомдук кызыкчылыктагы медиа долбоорлорго көмөктөшүп, бул аракеттерди үзгүлтүксүз каржылаган эл аралык фондду ачуу үчүн USAID аркылуу буга оңой эмес акча бөлүп жатабыз. Журналисттерди соттордо коргоону камсыздоого жардам берүү үчүн жаңы фонд түзөбүз. Мунун бардыгы азыр иликтөөчү-журналисттер өз иштерин аткарууда тоскоолдук кылуу үчүн атайын жасалып жаткан ыңгайсыз соттук доолорго каршы”, - деди Жо Байден.

Freedom House уюмунун "Демократия индексине" ылайык саммитке чакырылган өлкөлөрдүн көбү - 77 - "эркин" же толук демократиялуу, алардын арасында 31 өлкө "жарым-жартылай эркин" (алардын арасында, мисалы, Украина жана Грузия), үч өлкө "эркин эмес" деп таанылган.

Саммитке Орусия менен Кытай чакырылбаганына чоң маани берилди. Иш-чараны Москва менен Бээжин катуу сынга алды.

Саммит алдында Орусия менен Кытайдын АКШдагы элчилери иш-чараны “кансыз согуштун ачык-айкын продуктусу” деп айыптаса, биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Бул Саммит Байден президенттик шайлоо алдын өнөктүгүндө автократиялык өкмөттөр күчөгөн шартта демократияны бекемдөө боюнча берген убадасынын бир бөлүгү болчу.

XS
SM
MD
LG