Орусия бийлиги 2024-жылы бул өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 25 кыргызстандыкты мекенине которууга уруксат берген жок. Бул тууралуу 14-январда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаева Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Орусиялык соттор тарабынан Кыргызстандын 25 жаранын андан ары жазасын өтөө үчүн мекенине өткөрүп берүү чечими кабыл алынып калган. Бирок декабрь айында Кыргызстандын башкы прокурору бул өлкөдөгү кесиптеши жана Жогорку сотунун өкүлү менен жолугуп келген. Анда ушул 25 кишинин ишин кайрадан карап берүү шарттарын айтышкан. Эгер биз аларга сунуш жазсак, кайрадан караларын айтышты", - деди Коңкобаева.
Башкы прокурордун орун басары былтыр чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын ичинен 129у которулганын, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келингенин айтты. Маалыматка караганда, Орусиядан 117, Казакстандан 11, Тажикстандан 1 киши Кыргызстанга которулду. Соттолгондордун 700дөйү которулуудан өздөрү баш тарткан.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстандын 1370 жараны Орусияда абакта отурат.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда Орусияда 230 миңдей кыргызстандык мигрант бар. Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктардын маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлдү.
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 25и Кыргызстандын жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бирлери кийин кыргыз жарандыгынан баш тарткан. Арасында киши өлтүрүү, маңзат ташуу деген сыяктуу оор кылмыштар менен кесилип, түрмөдө отурган жеринен согушка айдалгандар да бар. (КЕ)
Шерине