Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

ЖК депутаттары кыргыз паспортун убада кылган жарнамаларга көңүл бурууга чакырышты


Кыргызстандын паспорту.
Кыргызстандын паспорту.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстандын жарандыгына байланыштуу социалдык тармактардагы жарнамаларга бийликти көңүл бурууга чакырышты. Эл өкүлү Эмил Токтошев өлкөнүн атуулдугун кыска убакытта алып берүүнү убада кылган жарнамалар көбөйгөнүн белгиледи.

Токтошев мындай кызматтын баасы 14-15 миң долларга чейин бааланып жатканын кошумчалады:

"Азыр сиздер убагында чара көрүп жатабыз деп айтып жатасыңар. Азыр дагы интернетти ачсаңыз Кыргызстандын жарандыгын алып беребиз деп жүрөт. Баасы 300-400 миң сом, 15 миң долларга чейин сурашат экен. Бир дагы расмий түрдө бул шылуундар деп айткан жоксуңар. Бардыгы бул эмне деген мамлекет деп шылдыңдап жатат. Кырдаалга жараша Кыргызстандын атуулдугун алууга суроо-талап өсүп кетти. Адистер, мугалимдер арыз берип ала албай жүрөт. Ишкерлер 1-2 айда алат экен".

Ушул эле маселени депутат Дастан Бекешев дагы көтөрүп, жарнамаларга бир дагы мамлекеттик орган реакция кылып, алардын шылуун экенин айтып чыкпаганына кызыкты. Ал өлкөнүн аймагында мурда жашабагандар кыска убакытта Кыргызстандын атуулдугун ала алар-албасына кызыкты.

Калкты каттоо департаменти жарандык алуу тууралуу арыздар бир жылга чейин, кыскартылган мөөнөттө алты айга чейин караларын белгиледи. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко аталган мекеме бул багытта бир нече жолу жарандарга эскерткенин, тартип коргоо органдарына дагы кайрылганын кошумчалады:

"Биздин министрлик бул шылуундар экенин, аларга кайрылбагыла деп бир нече жолу айткан. Телеграм-канал дагы бар, ал жерде жарандар кайрылып жазышат. Айрым материалдар тартип коргоо органдарына берилген. Бул жерде жарандыкты берүү бир гана мекемеден көз каранды эмес. Комиссия сунуштарды президенттин кароосуна жиберет".

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев 2023-жылы Орусиянын 10 миңге жакын, 2024-жылдын ушул мезгилине карата 7 миң жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу тууралуу арыз тапшырганын Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирген. Анын сөзүнө караганда, акыркы эки жылда ошол арыздардын негизинде 6 миң кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилген.

Мунун алдында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Кимдин (ред: мурдагы фамилиясы Бакальчук) мурунку күйөөсү Владислав Бакальчук былтыр 7-ноябрда Телеграм-каналына Кыргызстандын жарандыгын алганы тууралуу жазган жана президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтүн да жарыялаган.

Былтыр августта орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун "оюн үчүн гана алып койгону" талкуу жараткан. Ошол эле жылы ондогон орусиялык кыргыз жарандыгын алганы ачыкка чыккан.

The Moscow Times басылмасы былтыр 25-мартта Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатканын жазган.

“Азаттык” 2022-жылы 31-декабрда чыккан №417 жарлыктан кийин Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.

“Азаттыктын” иликтөөлөрүндө соңку жылдары орус жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын жарандыгына кайткан кыргыздар басымдуулук кылып жатканы маалымдалган. Буга Украинадагы согушка байланыштуу мобилизация жана кийинки кезде мигранттардын укугун чектеген мыйзамдардын көбөйүшү себеп экени айтылып келет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG