Кыргызстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сергей Лавров эки тараптуу актуалдуу маселелерди, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулады.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кулубаев Орусияга Лавровдун чакыруусу менен 21-22-январда расмий сапар менен барган. Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) төрагалыгынын приоритеттери белгиленип, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин, атап айтканда, БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ алкагында кызматташтыкты чыңдоо маселелери тууралуу пикир алышуу болгон.
Министр Кулубаев андан сырткары миграция маселесине токтолуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду. Миграция тууралуу так эмне сөз болгону айтылган эмес.
Быйыл 1-январдан тартып Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирди. Ага ылайык, тийиштүү уруксат документтери жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында 90 күндөн ашык тура албай калат. Миграциялык каттоону жаңыртуу үчүн мурдагыдай өлкөдөн чыгып-кирүү практикасы да эми жараксыз болот. Андан тышкары 5-февралдан тартып өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөр атайын реестрге киргизилип, алардын жүрүм-туруму бир катар чектөөлөр менен катуу көзөмөлгө алынат. Буга чейин Мамлекеттик Дума өлкөдөгү миграциялык саясатты тескөө үчүн 12 мыйзам кабыл алган. (КЕ)
Шерине