Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:03

Асаддын режими кулатылгандан кийин Сирияга 115 миң жараны кайтып барды


Жилвегөзү чек ара бекети. Түркиянын Хатай провинциясы. 11-декабрь, 2024-жыл.
Жилвегөзү чек ара бекети. Түркиянын Хатай провинциясы. 11-декабрь, 2024-жыл.

Сирияда президент Башар Асаддын режими кулатылган 2024-жылдын 8-декабрынан бери Түркия, Иордания, Ливан сыяктуу өлкөлөрдөн 115 миң сириялык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери агенттигинин маалыматында айтылат.

Качкындар иштери агенттигинин маалыматында, Сириянын ичинде жер которгон 664 миң адамдын көпчүлүгү Алеппо жана Идлиб провинцияларында жашайт. Алардын 75% аялдар.

11-декабрда Түркия бийлиги 3 миллионго жакын качкынды мекенине коопсуз жол менен жөнөтүүнү көздөй турганын, Сирия менен чек арадагы үч өткөрмө бекет 11 жылдан кийин кайра ачылганын билдирген.

Башар Асаддын режими учурунда жүздөгөн сириялыктар өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушкан. 8-декабрда "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму баштаган, Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар Асаддын режимин кулатканын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Сирияны элүү жылдан бери Асаддын үй-бүлө мүчөлөрү башкарып келди. Топтун башчысы Абу Мухаммед ал-Жулани Сириядагы азчылыктар басмырланбайт деп билдирген.

Сириянын президенти Башар Асад Орусияга чыгып кетип, Кремль ага саясий башкалка берди.

Шерине

XS
SM
MD
LG