Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Израил түрмөлөрүндөгү 90 палестинди бошотту


Израил түрмөсүнөн бошотулган Нида Загеби кыздары менен көрүшүп жатат. 20-январь, 2025-жыл. Женин шаары. Иордан дарыясынын оккупацияланган Батыш жээги.
Израил түрмөсүнөн бошотулган Нида Загеби кыздары менен көрүшүп жатат. 20-январь, 2025-жыл. Женин шаары. Иордан дарыясынын оккупацияланган Батыш жээги.

Израил ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) менен түзүлгөн согушту токтотуу келишиминин алкагында түрмөдөгү палестиндердин биринчи тобун, 90 адамды бошотту.

Бул тууралуу "Рейтерс" агенттиги жазды. Маалыматка караганда, алардын 69у аял, 21и өспүрүм. Көбү Иордан дарыясынын оккупацияланган Батыш жээгинин тургундары. Аларды Батыш жээктеги Рамалла шаарында миңдеген адамдар фейерверктерди жардырып, шаан-шөкөт менен тосуп алышты.

Анын алдында, 19-январда ХАМАС барымтасында 471 күн кармаган үч израилдик аялды бошоткон. Үчөөнү тең согушкерлер Израилге 2023-жылдын 7-октябрында кол салган маалда кармап кетишкен. Алар менен кошо туткунга 250 киши түшкөн. Ал кандуу калабада 1200дөй адамдын өмүрү кыйылган. Буга жооп катары Израил Газадагы чабуулдарын баштаган. Андан бери Газада 47 миңге чукул адамдын өмүрү кыйылганын ХАМАС башкарып келген тилкенин саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

Израил бийлиги учурда Газада 90дон ашуун туткун болушу керектигин, бирок алардын бир бөлүгү каза тапканын билдирип келет.

Израил менен ХАМАС радикал тобу ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашууга жетишкенин сүйлөшүүлөргө арачылык кылган АКШ менен Катардын бийлиги 15-январда жарыялаган.

Согушту токтотуу тууралуу макулдашуу бир нече баскычтан турат. Алдыдагы алты жуманын ичинде Израил түрмөлөрүндөгү 1900 палестинди бошотот. Ал эми ХАМАС барымтасындагы 33 туткунду эркиндикке чыгарат.

Шерине

XS
SM
MD
LG