Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

"Сирияда калган баламды тирүү көрсөм дейм". Небересин күткөн эненин күйүтү


Сириянын Аль-Хол лагериндеги аял. (архивдик сүрөт)
Сириянын Аль-Хол лагериндеги аял. (архивдик сүрөт)

Сирияда Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор өлкөнүн эки провинциясын ээледи. Бул күндөрү кыргызстандык кыз-келиндер жашаган лагерлерде тинтүү жүргөн. "Азаттык" алардын азыркы абалын жана аларды күткөн жакындарынын окуяларын баяндайт.

"Баламды тирүү көрсөм дейм"

Жалал-Абаддык Рамиля Сирияда калган небересин он жылдан бери көрө элек. 24 жашка чыккан небересинин өлүү же тирүүсүн, кайда жүргөнүн билбеген эненин санаасы санга бөлүнүп турган кези.

"Кечээ жакында Кызыл чырым уюму маркумдар арасында менин неберемдин аты-жөнү жок экенин кабарлашты. Уулумду тирүү көргүм келет. Аны издеп кайда гана кайрылган жокмун. Акыркы жолу неберем тууралуу кабар укканда анын абакта экенин айтышкан. Ошондон бери билбейм".

Рамилянын уулу жубайы, балдары менен 2013-жылы Сирияга кетип, көп өтпөй каза тапкан. Аял окко учкан уулун согуш аймагына эмне азгырганын ушул күнгө чейин түшүнө албай келет. Уулу менен кошо анын дагы бир небереси бөтөн жерде каза болгон.

"Сирия тууралуу кабар болгондо эле жүрөгүм тызылдайт. Айрыкча, неберем кантти деп санааркайм. Азыр согушкерлердин козголоңу тууралуу да маалыматтарды окуп жатам".

Рамиля небересин башка кыргызстандык өспүрүмдөр менен чогуу абакта отурат деп ойлойт. Сирияда эркек балдарды лагерлерден өспүрүм кезинде согушкерлер алып кетип, жабык жайларга жайгаштырарын "Азаттык" буга чейин да жазган.

30-ноябрда Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясын толугу менен өз көзөмөлүнө алганын Reuters ишенимдүү булактарына таянып жазган.

Алар Алеппо провинциясынын көпчүлүк бөлүгүнө дагы көзөмөл орноткон. Бул аймактар кыргызстандык кыз-келиндер жашаган лагерлерден кыйла алыс болгону менен аларды мекенинде күткөн жакындары кооптонууда.

Төмөндөгү картада козголоңчулар басып алган Алеппо жана Идлиб провинциясы жана Сириянын түндүк чыгышында жайгашкан "Аль-Хол" лагери көрсөтүлгөн.

Сириянын аймагы, карта.
Сириянын аймагы, карта.

"Бизге лагердегилер менен сүйлөшүүгө тыюу салынган. Алардын абалын да билбейбиз. Бул жакта бир гана амандыгын тилеп отурабыз", - деди Сириянын лагеринен Кыргызстанга алынып келген аялдардын бири.

Бул аял балдары менен 11 жылдай "Аль-Хол" лагеринде жашап, быйыл жазда мекенине жеткирилген. Адатта, ал өңдүү аялдар башынан өткөн окуялары же лагердеги күндөрү тууралуу эстегиси келбейт. Мекенге кайткандан кийин дагы реабилитациялык программанын негизинде алардын сириядагылар менен байланышы үзүлөт.

"Ал-Хол" лагери. Архивдик сүрөт.
"Ал-Хол" лагери. Архивдик сүрөт.

Хамида Якубова Сирияга кеткен кыздарын күткөн ата-энелер комитетинин башчысы катары соңку кабарлардан кийин дароо лагердегилер менен байланышка чыккан.

Хамида Якупова.
Хамида Якупова.

"Мен дароо эки лагердегилер менен тең байланыштым. "Рож" лагериндегилер абал тынч экенин айтышты. "Аль-Холдогулар" эки күн мурда лагерде тинтүү болгонун, эки кыргызстандык аялдын телефондорун алып кеткенин айтышты. Алар азыркы кырдаал боюнча кабардар. Кооптонуу болгону менен Идлиб лагерден алысыраак жайгашкандыкын айтышты. Ошентсе да, аялдар утур-утур лагердеги базарды акмалап турушат экен. Кооптуу кырдаал жаралганда базар жабылары, аялдар үчүн белгиге айланган".

Хамида Якупова ал менен сүйлөшкөн аялдардын дээрлик баары мекенге кайтууну самай турганын кошумчалады.

Күрд журналисттери иштеткен айрым агенттиктер ноябрдын башынан бери "Аль-Хол" лагеринде бир нече тинтүү жүргөнүн, анын негизги максаты "Ислам мамлекети" радикал тобунун мүчөлөрүн аныктоо экенин жазышкан. Маалыматка караганда андай тинтүүлөр аялдар жана балдар жашаган лагерлерде жүргөн. Мунун соңку окуяларга тиешеси бар-жогун бейтарап маалымат булактарынан тактоого мүмкүн эмес.

"Аялдар өзүн алдангандай сезет"

Бул Сириядагы балдар жана аялдар тууралуу тартылган "Запрещенные дети" тасмасынан сүрөт. Анын режиссеру орусиялык Евдокия Москвина Сириядагы аялдар жана балдардын тагдырлары тууралуу бир нече тасма тарткан.

«Запрещенные дети» тасмасынан сүрөт.
«Запрещенные дети» тасмасынан сүрөт.

Режиссер өзү Сириянын лагерлерине бир канча жолу каттап, жашоо шарты менен таанышып келген.

Евдокия Москвина с мужем
Евдокия Москвина с мужем

"Бул жалаң аялдар менен балдар жашаган чатыр шаарчасы. Ал жерде кырдаал абдан оор. Мен эгер сүрөттөй турган болсом, тор артындагы арстанга киргендей болосуң. Аялдар абдан агрессивдүү. Алар күтүүсүздөн сен тарапка таш ыргытышы мүмкүн. Аялдар өзүн ташталган жана алдангандай сезишет. Лагерде чоңоюп жаткан балдар да көп. Мен 2017-жылы биринчи жолу баргам, андан бир нече жыл өткөндөн кийин барганда да баягы эле жүздөрдү учураттым".

Евдокия бир нече жолу барган "Аль-Хол" Сириянын түндүк чыгышында жайгашкан эң ири лагерь. 2019-жылы бул жерде 70 миңге жакын адам камалган. Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясаты институтунун 2023-жылкы маалыматында лагерде 50 миңдей адам кармалып турары белгиленет. Алардын 90% аялдар жана балдар түзөт. Маалыматка караганда, лагердегилердин 23% беш жашка чейинки балдар, 42% бештен 18 жашка чейинки өспүрүмдөр.

Кыргызстандык аялдар баш калкалап жаткан дагы бир "Рож" лагери "Аль-Холдон" анча алыс эмес жайгашкан.

Сириянын лагериндеги балдар.
Сириянын лагериндеги балдар.

Ушул күнгө чейин Сириядан 432 кыргыз жараны алып келинди. Алардын 129у аялдар, 303ү балдар. Кыргызстандыктар Сириянын түндүк чыгышындагы "Рож" жана "Аль-Хол" лагерлеринде кармалып келет. Учурда эки лагерде канча кыргыз жараны калганы белгисиз.

Быйыл соңку ирет 19-июлда “Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында 22 кыргыз жараны Кыргызстанга алып келинген. Алардын 8и аял киши жана 14ү балдар экени айтылган. Ага чейин майда “Айкөл - 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын лагерлеринен 99 кишини, анын ичинен 71 баланы, 28 аялды алып келген. Алар кыргызстандык кыз-келиндер жана алардын ошол жакта төрөлгөн балдары.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин башчысынын орун басары Бакыт Кадыров "Айкөл - 5тин" алкагында өзү да Сирияга барып келген.

“Гумандуу саясат деп атасак болот. Көп мамлекеттер аялдарды, балдарды өз өлкөсүнө кайтаруу иштерин жүргүзгөн. Учурда эки лагерде канча кыргыз жараны калганы белгисиз. Алардын санын тактоо иштери уланып жатат".

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден Кыргызстандын жарандары - аялдар менен балдар АКШнын өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин жардамы менен алып келүүдө.

18-ноябрда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери АКШ Сирия менен Ирактан кыргызстандык аялдар менен балдарды өлкөгө кайтарууга жардамын улантууга даяр экенин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда билдирген.

Лесли Вигери жана Жээнбек Кулубаев.
Лесли Вигери жана Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстан эл аралык коомчулуктун жардамы менен Сириядагы жарандарын “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында 2023-жылдын февраль айынан тарта этап-этабы менен алып келе баштаган. Былтыр 333 аял жана бала мекенине кайтарылган.

"Сириядагы террористтик уюмга кошулуп кеткен 800гө жакын жаран бар эле. Көбү ошол жерде, согушта курман болушту. Кээ бирлери үй-бүлөсү менен кеткен. Алар күрддөрдүн лагерлеринде жүрүп, ошол жакта калып калышты. 600дөн ашыгын төрт этап менен алып келдик. Азыр аларды коомго интеграция кылып жатабыз", - деп билдирген Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Алардын туугандары көпчүлүк келиндерди күйөөлөрү алып кеткенин билдиришкен. Кийинчерээк бир тобу качкындар лагерлерине түшкөн.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG