Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:55

Солтон-Сары: Бучук кениндеги мамлекеттин үлүшү аныктала элек


Президент Садыр Жапаров Бучук кенине барган учур. 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров Бучук кенине барган учур. 2022-жыл.

Нарын облусунда кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасы казып жаткан Бучук кениндеги мамлекеттин үлүшүнө байланыштуу маселе дагы деле чечиле элек. Бул маалыматты "Азаттыкка" компаниянын коомдук байланыш жаатындагы өкүлү Тынчтыкбек Алтымышев ырастады.

Өткөн жылы октябрда кытайлык ишкананын алтын ылгоочу заводу сыноо режиминде ишке берилген. Анда эки айдын аралыгында мамлекеттин үлүшү тууралуу маселе чечилип-такталары айтылган.

Аталган компания кенди казууга лицензияны 2009-жылы эле алган. Бирок айрым жергиликтүү тургундардын экология, жайытка байланыштуу нааразылыгынан, чыр-чатактан улам 2019-жылы жабылган.

Кытайлык ишкана лицензиясын азыркы бийликтин тушунда, 2022-жылы кайра алган. Анда президент Садыр Жапаров Бучукка барып кен казууда экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл буруларын убада кылган.

Бучук Нарындагы Солтон-Сары кенинин бир бөлүгү болуп саналат, экинчи тилкеси мамлекеттин карамагында.

Расмий маалыматка ылайык, Бучукта болжол менен 12 тонна алтындын кору бар. Башка металлдардын кору дагы 22 тоннага жакын.

Бул кенди иштетүүгө байланыштуу буга чейин бир канча жолу нааразылык болуп, чыр-чатактар орун алган. Zhong Ji Mining Company буга чейин экологиялык мыйзамдарды жана санитардык эрежелерди бузган ондогон учурлар катталганы, айрымдарына байланыштуу айып пул төлөп бергени айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG