Өзбекстанда соттолгон кримтөбөл, 75 жаштагы Салим Абдувалиев 12-январь күнү абактан чыкканын Kun.uz. сайты жазды. Агенттик өз булактарына шилтеме кылып, Абдувалиев узак убакыт бою жаман илдет менен алышканын, анын абактан чыгышына саламаттыгы начарлашы негизги себеп болгонун маалымдады.
"Салимбай байбача” деген ат менен Борбор Азияга таанымал кримтөбөл, Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы башчысы Салим Абдувалиевге Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылып, 2024-жылы 19-мартта алты жылга кесилген.
Ал эми “Аткезчилик” беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган.
Былтыр октябрь айында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Салим Абдувалиевге издөө жарыялап, аны менен байланышы бар бир катар ишкер, саясатчыларды кармап, суракка алган.
УКМК Абдувалиев КМШ өлкөлөрүндө таасирдүү болгонун, Европага маңзат ташуу каналдарын уюштуруп, кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, анын кылмыштуу тобуна дайыма материалдык жардам көрсөтүп жүргөн деп билдирди. Ал Көлбаевдин аймакта таасирдүү кримтөбөл болуп турушуна көмөктөшкөн.
Салим Абдувалиев 1950-жылы Ташкент шаарында туулган. Жогорку билимдүү, спорттук мекемелерде жетекчи кызматтарды аркалаган. 2017-жылы Өзбекстандын Улуттук олипмиада комитетинин төрагасынын орун басары, Спорттук күрөш ассоциациясынын жетекчиси болуп туруп, мамлекеттик сыйлыктарды алган.
2006-жылы АКШнын дипломаттык маалыматтарында ал "жогорку мамлекеттик кызматтарды саткан" жана ишкерлерге кирешелүү мамлекеттик келишимдерди "алып берген" "Ташкент мафиясынын башчысы" катары сүрөттөлгөн.(ZKo)
Шерине