Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Баткенде “Барсбек” спектакли коюлду


Сахнадан көрүнүш
Сахнадан көрүнүш

Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Барсбек” тарыхый драмасы сахналаштырылды. Жаңы жылдан кийнки эс алуу күндөрү көрүүчүлөргө тартууланган спектакль мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында даярдалды.

Спектаклди режиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти Талант Апыев башкарып, сахнадагы көркөм кооздукту сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Садыр Ниязакунов жасалгалады.

“Барсбек” - тарыхый драмасы өзүнүн терең мазмуну жана кыргыз элинин тарыхый салттары, баалуулуктары тууралуу баяндамасы менен өзгөчөлөнүп, элдин руханий мурастарын сахна аркылуу кайра жандантат. Театрда көрсөтүлгөн бул чыгармалар коомго көркөм өнөрдүн жана тилдин күчүн көрсөтүп, улуу муундан келечекке өткөн маданий байланыштын маанисин чагылдырат. (JsA)

Шерине

XS
SM
MD
LG