Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:24

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында кайрылгандар көбөйүп, кезек узарды


Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кезекте тургандар. 4-январь, 2025-жыл.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кезекте тургандар. 4-январь, 2025-жыл.

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандар көптүгүнөн 3-4-январда кезек узарып, кабыл алуу бир нече саатка созулууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” ооруканада кезекке турган бейтаптар билдиришти.

Окурмандардын бири 4-январь күнү беш саат кезекте туруп, араң дарыгердин кабыл алуусуна жеткенин айтты. Бейтаптар кабыл алууда тургандардын сүрөттөрүн да жөнөтүп, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинен тиешелүү чара көрүүнү суранышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова аталган ооруканага кайрылгандар көп экенин ырастап, аларды нөөмөттө турган дарыгерлер тейлеп жетишпей жатканын маалымдады. Ал сасык тумоологон же башка жугуштуу ооруга кабылгандар алгач Үй-бүлөлүк медициналык борборлорго барбай, түз эле аталган ооруканага барып, ошол себептүү анда жүктөм көп болуп жатканын билдирүүдө.

Айгерчинова Жаңы жылдык эс алуу күндөрү республика боюнча медицина кызматкерлери кадимки режимде, анын ичинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө күн сайын 13 дарыгер иштеп жатканын айтты. 500 орунга ылайыкташкан ооруканада учурда 596 (багуучулары менен 1000ден ашык) адам бар.

2-январга карата маалыматта айтылгандай, аталган оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө 281 адам кайрылса, алардын 93ү гана ооруканага жаткырылган, анын 87си балдар. 188 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

“Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуулардын агымы абдан көп, анын дээрлик 70% амбулатордук бейтаптар. Буга байланыштуу жарандарды катталган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна (ҮМБ) кайрылып, үй-бүлөлүк дарыгерлердин кеңешин алуусун суранабыз. Ооруканага жаткыруу талап кылынса, үй-бүлөлүк дарыгерлер жолдомо беришет. Бул ооруканалардагы узун кезек күтүүнү жок кылып, медициналык жардам көрсөтүү процессин тездетүүгө жардам берет”, – деди Жылдыз Айгерчинова.

Мунун алдында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын сезондук өсүшүнө байланыштуу билдирүү таратып, жарандарды ден соолугуна көңүл бурууга жана ооруну алдын алууга чакырган. Ал дагы бейтаптарды биринчи ирет Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылууга үндөгөн. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG