Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Самокатка коюлган жардыргыч. Орус генералын ким өлтүргөн?


Игорь Кириллов
Игорь Кириллов

Орусия генерал Игорь Кирилловду өлтүрүүгө шектелген киши кармалганын, ал украин атайын кызматы жалдаган өзбек жараны экенин маалымдады. Ал эми Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган жараны тууралуу маалымат аларда азырынча жок деп билдирди.

Бир катар маалымат каражаттары Украинанын коопсуздук кызматындагы булактарга шилтеме менен жазгандай, генералды жок кылуу операциясын алар ишке ашырган. Бирок Киев муну расмий бышыктай элек. Батыш айрым орусиялык расмий адамдардын билдирүүлөрүнөн кийин кол салууга тиешеси жоктугун айтууда.

Орусиянын Тергөө комитети жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 18-декабрда жасаган билдирүүсүндө украин атайын кызматы 29 жаштагы шектүүгө 100 миң доллар жана европалык өлкөдө туруктуу жашоону сунуш кылганы айтылат.

Маалыматка караганда, "сурак маалында шектүү Украинанын атайын кызматы аны жалдаганын, алардын тапшырмасы менен Москвага келип колго жасалган жардыргыч жабдыкты алганын түшүндүрдү. Аны электрсамокатка туташтырып, Игорь Кириллов жашаган үйдүн жанына калтырып кеткен".

Тергөө комитети генерал подъездинен чыгып жатканда жабдык алыстан ишке келтирилгенин, видео Днепр шаарындагы теракттын уюштуруучуларына түз тартууланганын айтты.

Москва: Өзбек жараны генералды өлтүрүүгө шектелип кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

ФСБ өзбек жараны деген шектүүнүн сурагынан видеону бөлүштү. Бирок ал кандай шартта тартылганы белгисиз.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган жараны тууралуу маалымат аларда азырынча жок экенин билдирди.

Орусиянын коопсуздук кызматы шектүү өмүрүнүн аягына чейин кесилиши ыктымал, терактты уюштурган "Украинанын коопсуздук кызматкерлери табылып, жазаланат" деп кошумчалады.

ФСБ билдирүүсүндө эч кандай далилдерди келтирген жок. Айрым аналитиктер белгилегендей, алар адатынча кылмыштын бети ачылды деп көрсөтүүгө шашылды.

Генерал Кирилловго кол салуу болгон жер. Москва. 17-декабрь, 2024-жыл
Генерал Кирилловго кол салуу болгон жер. Москва. 17-декабрь, 2024-жыл

Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин командачысы генерал-лейтенант Игорь Кириллов шейшембиде эртең менен үйүнөн чыгып баратканда жардыруудан жардамчысы менен кошо набыт болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө расмий түрдө алган жок.

Генералды жок кылуу операциясын Украинанын коопсуздук кызматы уюштурганын ал мекемедеги булактар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна, AFP, Би-Би-Си жана бир катар маалымдоо каражаттарына айтып берди.

Бул маалыматты көз карандысыз тараптардан бышыктоо мүмкүн эмес.

16-декабрда украин Коопсуздук кызматы Кирилловго химиялык курал колдонуудагы ролу үчүн сыртынан айып тагылганын билдирген. Андай куралга 1993-жылкы эл аралык конвенция тыюу салат жана келишимди бузуу согуш кылмышы болуп эсептелет.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Киевдин өнөктөштөрү генералга болгон кол салууга үн катпай же аны жасагандарга колдоо билдиришкенин айыптады.

Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев Москва терактка буйрук берген Украинанын саясий жана аскердик жетекчилигин “жок кылуу” үчүн бар аракетин көрүшү керек деп социалдык тармактарга жазды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер орусиялык генералдын өүлүмүнө байланыштуу суроого жооп берип жатып, Вашингтондун ага эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи:

"Биз бул ишке аралашкан эмеспиз. Генералдын бир топ карасанатай аракеттерге, украин аскерлерине каршы химиялык курал колдонууга тиешеси болгон. Муну Кошмо Штаттар буга чейин расмий аныктаган".

АКШ жана өнөктөштөрү Орусия украиналык аскерлерге каршы хлорпикрин деген химиялык затты колдонгон деген жыйынтыкка келишкен.

Москва тыюу салынган курал пайдаланганын четке кагууда.

Октябрда британ өкмөтү “варвардык куралды пайдаланууга көрсөткөн көмөгү үчүн” Кирилловго жана кол астындагы бөлүккө санкция салган. 17-декабрда премьер-министр Кир Стармердин басма сөз катчысы Лондон орус генералын “жоктобой турганын”, ал украин элинин азап чегүүлөрүнө, өлүмдөрүнө себепкер экенин айтты.

54 жаштагы Кириллов Орусия кошуна өлкөсүнө басып киргенден бери Киевдин химиялык жана биологиялык куралды иштеп чыгууга тиешеси тууралуу байма-бай айтып келген. Ал асыресе Украинада америкалык биолабораториялар бар деп билдирген. Генералдын 2022-жылы күзүндө АКШ эпидемияларды жайылтуу үчүн согуш чиркейлерин учурган дрондорду патенттеп, чыгарган деп айтканы бар.

Кийин иликтөөчү журналисттер анын бул сөздөрүн төгүнгө чыгарган.

Шерине

XS
SM
MD
LG