Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыйноолорго каршы борбор абактагы Ташов ачкачылыкты токтотконун билдирди


Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.
Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылыкты токтотконун билдирди. Мекеме 18-декабрда кабарлагандай, улуттук борбордун жетекчиси Бакытбек Касымкулов аны менен жолугуп чыккан.

“Борбордун жетекчиси Имамидин Ташов жана тергөө абагынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Касымкулов Ташовду ачкачылыкты токтотууга жана тамак-аш жеп баштоого көндүрүп, өз позициясын билдирүүгө башка мыйзамдуу ыкмаларды колдонууну сунуштаган. Ташов ошол жерден ачкачылыгын токтотуу боюнча расмий арызын жазып берген”, - деп жазылат билдирүүдө.

Жазаларды аткаруу кызматы да Ташовдун ачкачылыкты токтотконун ырастап, анын тергөө абагындагы кызматкерлерге эч кандай доо-арызы болбогонун билдирди. Ачкачылык кармап жаткан маалда ал медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болгонун, Ташовго түшүндүрүү иштери да жүргөнүн кошумчалаган.

Ишкер 6-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын адвокаты Нурсултан Жаныбеков “Азаттыкка” билдирген.

Имамидин Ташов 17-декабрда өзүнө кайра кол салганын, азыр абалы канааттандырарлык экенин Жазаларды аткаруу кызматы тактаган.

Ал 6-декабрда да Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон. Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген.

30-октябрда да УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган.

16-декабрда апасы Саибжамал Абдукаимова, иниси Сүйүнбек Ташов жана Кумарбек Жоробаев ишкерди үй камагына чыгарууну суранып, бийликке кайрылышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлууда.

Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.

Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын четке каккан. УКМК Ташовдун жана үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин, журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармап, ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG