Жогорку Кеңеш 18-декабрдагы отурумунда Министрлер кабинетиндеги жетекчилердин талапкерлигин карап, макулдугун берди. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, төраганын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков шайланды.
Парламентте алар саат 12:30да президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришет.
Адылбек Касымалиев 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын алдында Акылбек Жапаров бул кызматтан кеткени 16-декабрда белгилүү болгон.
Касымалиевдин ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп мурдагы экономика министри Данияр Амангелдиев дайындалган.
18-декабрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министри кызматын аткаруучу болуп дайындалган. Ал 2021-жылы Экономика министрлигинде инвестициялар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийин тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеген.
2024-жылы Сыдыков президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. (TSh)
Шерине