Акылбек Жапаров кызматтан күтүүсүз кетти
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти. Коомчулукта анын иштен кетиши күтүүсүз окуя катары бааланууда. Бул Салык кызматындагы коррупциялык иш иликтенип жаткан учурга туш келди. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылат.
Чыгарылыштар
-
Январь 20, 2025
АКШдагы мигранттар: Кандай документтерди камдаш керек?
-
Январь 20, 2025
Газа: Туткундарды бошотуу, гуманитардык жардам
-
Январь 19, 2025
АКШ президенттеринин соңку 100 жылдагы ант берүүсү
-
Январь 19, 2025
Чек арачынын жесиринин үй маселеси чечилеби?
-
Январь 18, 2025
"Кыргызстан Сириядагы кырдаалга көз салып турат"
Шерине