Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:25

Москва жана Подмосковье жапырт дрон чабуулуна кабылды


Москва жана Подмосковье жапырт дрон чабуулуна кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

Украина Москвага дрон менен жапырт сокку урду. Бул чабуул Орусиядагы парламенттик шайлоонун акыркы күнү болду. Москванын мэри Сергей Собянин муну Орусиянын борборуна жасалган эң ири дрон чабуулу деп атады. Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, чабуулдан 2 адам каза болду. Ошондой эле чабуулдун кесепетинен мунай иштетүүчү завод жабыркады. Бир күн мурда Орусия Украинанын Сумы жана Херсон облустарына чабуул жасап, алты адам каза болгон. Бул күнү Днепропетровск облусуна да дрондор жана артиллерия аркылуу дээрлик 40 жолу сокку урулуп, беш адам жабыркады.

Шерине

XS
SM
MD
LG