Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:41

ЖК репрессия курмандыктарын актоо долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды


"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.

Жогорку Кеңеш 20-ноябрдагы жыйынында советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды.

Документти парламент быйыл 27-июнда колдогон. Анда 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бирок бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.

Долбоорду президент Садыр Жапаров артка кайтарган. Мамлекет башчы өз негиздемесинде мыйзам долбоорунда документтин кабыл алынышына кошумча каражат талап кылынбайт деп жазылганы менен, Кыргызстандын аймагында 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандар үчүн моралдык кенемте жана ай сайын мамлекеттик кепилдик төлөмдөр төлөнүшү каралганын белгилеген.

Документтин авторлорунун бири, депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында Финансы министрлиги, Башкы прокуратура менен бирге документтин макулдашылган варианты иштелип чыгып, маселе чечилгенин айтты.

1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.

Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Бирок алардын кайсы жерге көмүлгөнү ондогон жылдар бою белгисиз болуп келди. Алардын сөөгү көмүлгөн жер 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана белгилүү болгон.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары өз жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG