Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Султанбековдун кармалышы: Европарламенттин депутаты абалга көз салып жатканын билдирди 


Начо Санчес Амор.
Начо Санчес Амор.

Европарламенттин депутаты Начо Санчес Амор Х социалдык баракчасында Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун камалышы боюнча билдирүү таратып, окуяга көз салып жатканын маалымдады.

Ал шайлоо алдында Султанбековдун кармалышы “шек жаратат” деп жазып, анын укуктары бузулганын белгиледи.

Бишкектеги Свердлов райондук сотунун чечими менен 15-ноябрда Темирлан Султанбеков жана партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина, партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камалган.

Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кылмыш ишинин козголушуна жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

Партия бул чечим менен макул эместигин жана Боршайкомго даттана турганын кабарлаган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG