Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:49
Добуш берүү учуру. 17-ноябрь, 2024-жыл
Добуш берүү учуру. 17-ноябрь, 2024-жыл

Шайлоо: Добуш сатып алууга байланыштуу жети кылмыш иши козголду

Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү.

12:40 19.11.2024

Мисалы Баткен облусундагы Алтын-Бешик айыл аймагынын жергиликтүү кеңешине шайлоодо эки мандатты үч талапкер талашууда. Айыл тургуну Максатбектин айтымында, айыл башчы талапкерлерди суранып, шайлоого катыштырган.

“Бул жолку шайлоого элдин кызыгуусу аз болду. Мурда биздин айылга үч мандат берилсе, 10-12 талапкер чыгат эле. Азыркы шайлоо кызыксыз, талапкер аз болуп жатат. Ушул шайлоодо айыл башчыбыз ар кимге чалып, "талакерлигиңерди койгула" деп айтып жатып, эки мандатка үч талапкер араң чыкты. Жолугушуу өтөрүп, мындай иш жасайбыз деп атаандашкандары жок. Кызыгуу аз”.

17:13 18.11.2024

Бийликчил партия катары таанылып келген “Жаңы Кыргызстан” жана “Жаңы күч” партиялары өлкөнүн дээрлик бардык шаарларында алдыга чыкты. Бишкек шаардык кеңешине шайлоого алты партия катышып, анын бешөө босого чектен өттү. Эң көп добуш алган “Жаңы күч” партиясынан кийин “Эмгек”, “Адилет”, “Ынтымак” жана “Эл үмүтү” партиялары мандат алышат. Ал эми “Улуу Журт” партиясы өтпөй калды. Борбор калаада 7,17% же 8812 жаран “баарына каршы” деп добуш берген.

Ош шаарында өткөн шайлоодо жарышка түшкөн беш партия тең босого чектен өттү. Алар: “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Мурас”, “Милдет” жана “Бир бол” партиялары. Жалпысынан бул партиялардын көбүн жаңы деп айтууга болот. Жеңишке жеткен айрым партиялар жаңы болгону менен, алардын ээлери учурдагы жана мурунку аткаминерлердин, саясатчылардын жакындары экени белгилүү. Жарандык активист Адил Турдукулов соңку шайлоону мындайча баалады:

“Мурдагыдай эле олигархтардын таасири байкалды. Алар өздөрүн гана эмес, бир туугандарын жана санаалаштарын жергиликтүү кеңештерге алып келип, жеке кызыкчылыктарын коргоого аракет кылышты. Шаардык кеңештер буга чейин эле элдин кызыкчылыгын коргоого жетишкен эмес, азыр болсо укуктары кескин чектелген. Натыйжада, шайлоочулардын активдүүлүгү 20% гана болуп жатат”.

Бардык саясий жарыштарга активдүү катышып келген "Бүтүн Кыргызстан" партиясы бул жолу Кербен шаарында гана катышып, босого чектен өттү. Ал эми "Ата Мекен" Базар-Коргон шаарында катышып, бирок өтпөй калды. Бишкек шаардык кеңешине катышкан Социал-демократтар партиясы шайлоо алдында жарыштан четтетилип, лидери Темирлан Султанбеков камакка алынган. Социал-демократтар партиясынын талапкери Кадырбек Атамбаев муну “саясий бут тосуу” деп атаган. Бул партия 10 шаардык кеңеште шайлоого катышып, анын ичинен Кадамжай, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кемин жана Шопоков шаарларында босого чектен өттү.

Бул шайлоодо катталган 4 млн 135 миң 039 шайлоочунун 1 млн 150 миң 931и гана добуш берүүгө келди. Бул 28% гана активдүүлүктү көрсөтөт. Жарандардын шайлоого аз катышуусун айрымдар элдин шайлоого болгон ишениминин төмөндүгү жана депутаттардын укуктарынын чектелиши менен байланыштырууда. “Жалпы иш” коомдук фондунун жетекчиси Аида Сүйүндиева:

“Мурдагы шайлоолордо эле жарандардын катышуусунун азайып бара жатканы көйгөй болуп келген. Акыркы шайлоо циклдарында катышуу көрсөткүчтөрү төмөн: кезексиз президенттик шайлоо — 39%, парламенттик шайлоо — 35%, жергиликтүү кеңештерге шайлоо — 39%, кайра шайлоодо — 35%. Бул көрсөткүчтөр элдин шайлоого кызыгуусу азайып жатканын далилдейт. Ички мигранттарга шарт түзүлгөнүнө карабай, алар шайлоого катышкан жок. Бул көйгөй саясий атаандаштыктан тартып, калктын шайлоо системасына ишенбегенине чейин бир нече факторго байланыштуу”, - деди.

“Жалпы иш” коомдук фонду шайлоого айрыкча жаштардын аз катышканын белгилейт. Бул жолку шайлоодо бийлик жарандарды активдүү катыштырууга аракет кылды. Борбордук шайлоо комиссиясы жаштар уюмдары менен биргеликте акцияларды өткөрсө, президент Садыр Жапаров бир нече жолу кайрылуу жасап, жарандарды добуш берүүгө чакырды:

“18 жаштан 100гө чейин ар бир кыргызстандык добуш берүүгө милдеттүү. Бул өзүнүн келечеги үчүн керек. Шайланган талапкер же партия беш жыл бою силердин тагдырыңарды чечет. Тилекке каршы, көпчүлүк бул нерсеге маани бербейт”.

Президент Жапаров Кыргызстандагы шайлоо системасы дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдөн алдыда экенин кошумчалады.

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңеште өттү. Буга чейин Кыргызстанда 32 шаар жана 452 айыл өкмөтү бар эле. Президент Жапаров былтыркы “Административдик-аймактык реформа” тууралуу жарлыгынын негизинде айыл өкмөттөр ирилештирилген. Натыйжада 33 шаар жана 231 айыл өкмөт уюшулган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо кандай өттү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

71-ноябрда айрым шайлоо тилкелеринде техникалык мүчүлүштүктөр катталды. Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде бюллетен чыгарган аппарат иштебей калып, добуш берүү 18-ноябрга болду. Ошондой эле Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы шайлоо тилкесинде добуш берүү үч саатка узартылды.

11:01 18.11.2024

Шайлоо: Добуш сатып алууга байланыштуу жети кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо компаниясы башталгандан бери мыйзам бузуу боюнча 96 маалымат түшкөнүн билдирди.

“Биринчи радиого” берген маегинде ал мунун ичинен 10 факты боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалады. Жети арыз боюнча добуш сатып алуу, андан тышкары бейбаштыкка байланыштуу да иш ачылган. Султан Макилов бул кайсы партиялардын талапкерлерине тиешелүү экенин тактаган жок.

17-ноябрда Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер, 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей адам ат салышты.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду жана партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камаган.

Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Социал-демократтар муну саясий куугунтук деп баалады.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

10:21 18.11.2024

Жергиликтүү кеңеш: Ак-Сууда бир шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

18-ноябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Бул шайлоо участкасында 17-ноябрда бюллетен чыгарган аппарат иштебей, шайлоочулар добуш бере алган эмес жана добуш берүү 18-ноябрга жылдырылган.

17-ноябрда Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер, 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей адам ат салышты.

Алдын ала эсеп боюнча Бишкекте биринчи болуп келген “Жаңы күч” партиясы 36 095 (29,37) добуш алды. Андан кийин “Эмгек” партиясына 26 938 адам, же болбосо шайлоочулардын 21% добуш берди.

Борбор калаадагы үчтүктү 18 556 (15,10%) добушу менен “Адилет” партиясы жыйынтыктайт. Төртүнчү болуп келген “Ынтымак” партиясына 17 236 шаар тургуну добуш берген. Акыркылардын болуп босого чектен өткөн “Эл үмүтү” 13 588 (10,06%) добуш алган.

Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык мандаттар дал ушул партиялардын арасында бөлүнөт. Ал эми “Улуу Журт” партиясы 1 645 добуш алып, шаардык кеңешке өтпөй калды.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG