Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Арашан айылында Маданият үйү мамлекетке кайтарылды


Арашан айылындагы Маданият үйү. Аламүдүн району. 15-ноябрь, 2024-жыл.
Арашан айылындагы Маданият үйү. Аламүдүн району. 15-ноябрь, 2024-жыл.

Аламүдүн районунун Арашан айылында Маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маалымдады. Маалыматка ылайык, маданият үйүнүн жалпы аянты 0,62 га, болжолдуу баасы 126 млн сом.

Коопсуздук кызматы кабарлагандай, 2004-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мыйзамсыз чыгарылган токтомунун негизинде иштеп жаткан Маданият үйү жеке пайдаланууга берилген. Кийинчерээк менчикке сатылып кеткен.

УКМКнын кабарлашынча, Маданият үйүнүн ээси объектти өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарган.

Атайын кызматтын жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында Токмок шаарындагы жалпы баасы 3 млрд сомдук "Радиозавод" комплекси, Бишкек шаарынын "Айкөл" конушундагы мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук 0,62 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылганы 14-ноябрда кабарланган.

УКМК учурда мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу иш-чаралары улантылып жатканын билдирүүдө.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG