Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Ондон ашуун медиа жалаа үчүн жоопкерчилик киргизүү долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады


Кыргызстандагы ондон ашуун маалымат каражаты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, интернет менен ЖМКда жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады.

Кайрылуу жолдогон редакциялар "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 115-беренесине ылайык жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылууга, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана маалымат каражаттардын укуктук статусуна, ошондой эле бюджет, салыктар жана мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүнө байланыштуу мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөргүүгө милдеттүү экенин белгилешкен.

Алар мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда каралганга чейин тийиштүү мекемелер, жарандык коом жана журналисттердин катышуусунда ар тараптуу талкуулоого шарт түзөрүн айтышкан.

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы отурумунда 1-окуудан кабыл алган.

Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат.

12-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде мыйзам долбоору баяндамачынын келбей калганына байланыштуу күн тартибинен алынган. Ага чейин айрым депутаттар жаза айып пулдун өлчөмүн азайтууну сунуштаган.


Демилгечи Укук бузуулар кодексин маалымат каражаттарында жана интернетте жарандарга жалаа жаап, мазактоо үчүн жоопкерчилик караган беренелер менен толуктоону сунуштап жатат.

Ага ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекске төмөнкүдөй кошумча беренелер кирет.

“107-1-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жана мазактоо.
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же анын баракчасында камтылган кемсинтүү, башкача айтканда башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү.

Сунушка ылайык, бул берене боюнча айыптуу деп табылган тарапка: жеке адамга - 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

2. Жалаа жабуу, башкача айтканда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же сайттын баракчасында башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды билип туруп таратуу.

Сунуш боюнча бул берене менен айыпталган жеке адамга - 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Демилгечилер Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүгө маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйгөнү себеп болгонун айтып келет.

Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар мыйзам өлкөдө пикирин ачык айтууну жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршылыгын билдиришүүдө. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG