Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47
Куткаруучулар кар көчкүнүн алдынан табылган сөөктү айылга жеткиришти, 18-октябрь, 2024-жыл
Куткаруучулар кар көчкүнүн алдынан табылган сөөктү айылга жеткиришти, 18-октябрь, 2024-жыл

Чаткал: Кар көчкү басып калган алты кишинин бирөөнүн сөөгү табылды

Жаңыланды
13:24

Чаткалда кар көчкү алдында калгандардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөк саат 12:45те кар көчкү түшкөн аймактан тик учак менен штаб жайгашкан Кумбел тилкесине алып келинди.

18-октябрда Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылган.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

10:34

Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, тик учакты куткаруу иштерине тартууга министр Бообек Ажикеев буйрук берген. Тик учак бүгүн, 18-октябрда, саат 07:30да Ош шаарынан учуп чыкты.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

18:34 17.10.2024

Дайынсыз болуп жаткандардын арасында 1995-жылы туулган Сатыбалдиев Майрамбек да бар. Анын үч баласы бар, эң кенжеси беш айлык. Ал соңку убакта эндиктин тамырын казып сатып, иштеп жүргөнүн атасынын иниси Мамадалы “Азаттыкка” айтып берди:

“Анын атасы – агам мурда кайтыш болуп кеткен. Майрамбектин келинчеги, үч баласы бар. Кийинки убакта бош эле жүрдү. Анан үй-бүлөсүн багайын деп эндик казып сатып иштеп жүргөн. Алар эмне болуп көчкүнүн алдында калганын так билбейбиз. Эртең тик учак менен куткаруучулар келет деп жатышат. Ошондо чоо-жайы так билинет деп күтүп жатабыз. Апасы Бишкекте болчу, Манап деген иниси менен жолдо келатышат. Тилек деген агасы да Орусияда болчу, ал да эртең келип калат”.

15:21 17.10.2024

Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору
Махмаджунус уулу Өмүрбек Чаткалда тоодогу каргашадан кийин алты киши дарыгерлерге кайрылганын, алардын үчөө ооруканага жаткырылганын "Азаттыкка" билдирди.

"Чаткал районундагы кечээги окуядан кийин алты киши кайрылган. Алты киши тең амбулатордук жардам алып, кайра кетишкен. Бүгүн алардын үчөө Чаткал жалпы дарыгердик практикалык борборуна кайра келип, үчөө тең жаткырылды. Алар: Максатбек уулу Элдияр, Нарымбаев Жумамидин, Нарбеков Бакытбек. Азыркы учурда алардын абалы туруктуу, ооруканага кайрылгандагы диагнозу - жеңил даражада үшүк алган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG