Чаткалдагы кар көчкүдө калгандардын экөө Башкы-Терек айылында жашаган бир тууган ага-ини экенин айыл башчысы Кубаныч Орозбаев "Азаттыкка" билдирди.
"Кийикбаев Кайырбек 1978-жылы туулган. Ал эми иниси Кийикбаев 1986-жылы туулган. Алар тоого барып, ушундай иштер болуп кетти. Азыр айылда Өзгөчө кырдаал министрлигинин куткаруучуларын күтүп отурабыз", - деди Орозбаев.
Кийикбаевдердин 1993-жылы туулган иниси Чынарбек көчкүдөн аман калган. Дайынсыз болуп жаткандар Каныш-Кыя айыл аймагындагы Коргон-Сай, Башкы-Терек, Кайың-Суу жана Жаңы-Базар айылынын тургундары экени маалым болду.
17-октябрда Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев кырдаал боюнча “Азаттыкка” маалымат берип, көчкү коркунучу дагы деле бардыгын, андыктан куткаруучулар үчүн кооптуу болуп жатканын билдирди.
“Ал жакка баруу мүмкүн эмес, көчкү кооптуулугу азыр деле бар. Өзгөчө кырдаал жарыялаганбыз. Ал жакка техника жөнөтүү да кыйын болуп турат, көчкү алып кетиши мүмкүн. ӨКМ менен тик учакты сүйлөшүп жатабыз, ал бүгүн аба ырайына байланыштуу уча албайт. Эртең учуруу боюнча макулдашып жатабыз. Азыр техникаларды чыгарып, коопсуз жайларда жолдорду тазалай берели дедик”, - деди Сеңирбаев.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда кар көчкүдө калган алты адамды издөө иштерине Өзгөчө кырдаал министрлигинен (ӨКМ) 20 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана Кытайдын бир жараны эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча кайра үйлөрүнө кайтып келген эмес.
Кийин издөө-куткаруу иштери башталып, 16-октябрда саат 14:00дө эки адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, дагы алты адам Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан аман-эсен табылган. Алар Ак-Сай ашуусунда кар көчкү жүрүп алты кишини басып калганын айтышкан.
Эндик сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген өсүмдүк. Айрым аймактарда анын тамырын казып, сатуу менен алектенген учурлар болгон.
Ушул күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин бузулуп, жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаап жатат. Чаткал өрөөнүнө кар түшкөнү кабарланган. ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен.