Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Казакстанда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин Талгарга аскерлер киргизилди


Шерзаттын өлүмүн адилет териштирүүнү талап кылган Талгардын тургундары. Казакстан. 7-октябрь, 2024-жыл
Шерзаттын өлүмүн адилет териштирүүнү талап кылган Талгардын тургундары. Казакстан. 7-октябрь, 2024-жыл

Казакстанда Алматы облусундагы Талгар районунун борборуна Улуттук гвардиянын аскерлери киргизилди. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, алар «коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо менен алектенет». kris_p_talgar Ьелеграм каналы кайгуул машиналардын видеолорун жайгаштырды.

«Азаттыктын» казак редакциясы жазгандай, ага чейин 50 миң калктуу шаарчада митинг уюштурулганы жатат деген имиштер тараган. Мунун алдында 16 жаштагы жергиликтүү өспүрүм Шерзат Болатты өлтүрүп кетип, үйүнө өрт коюлган.

Маалыматка караганда, 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсү иштеткен чакан дүкөндө чыр чыккан. Кардарлардын бири сыра үчүн акча төлөбөйм деп уруша кеткенде өспүрүм жана агасы сатуучуга болушкан. Кардар досторун чакырып, алар Шерзат менен агасын сабашкан. Маркумга болжол менен бычак сайылган. Ал ооруканада каза болгон.

Бийлик жети киши кармалганын билдирди, бирок ысымын атаган жок.

Жергиликтүү социалдык түйүндөрдө окуяга жергиликтүү кылмыштуу топтун тиешеси болушу мүмкүн деген маалымат тарады. Анын башында турат делген киши талаш тиричилик себебинен келип чыкканын билдирди. Дагы бир маалыматта ал райондук акимчиликте жетекчилик кызматты ээлеген аткаминердин бир тууганы деп айтылды. Акимчиликтин басма сөз кызматы маалыматы жоктугун, аткаминер ооруп жатканын билдирди.

Өткөн аптада маркумдун үйү өрттөнүп кетти. Полиция окуяны башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу беренеси менен териштирүүдө.

Шерзаттын жакындары «адилет сотту» күтөрүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG