Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Орус армиясынын соккусунан Одессада төрт киши набыт болду


Куткаруучулар орус армиясынын ракеталык соккусунан талкаланган үйдөн жабыркагандарды алып чыгып жатышат. 11-октябрь, 2024-жыл. Украина, Одесса облусу.
Куткаруучулар орус армиясынын ракеталык соккусунан талкаланган үйдөн жабыркагандарды алып чыгып жатышат. 11-октябрь, 2024-жыл. Украина, Одесса облусу.

Орусиянын армиясы 11-октябрга караган түнү Украинанын Одесса облусун баллистикалык ракеталар менен аткылады. Бул тууралуу аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди. Маалыматка караганда, төрт адамдын, анын ичинде 16 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды.

Соккулардан карапайым тургундар жашаган эки кабаттуу имарат талкаланган. Урандылардын алдынан куткаруучулар төрт адамды аман алып чыгышты. Ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган он киши ооруканага түштү. Төртөөнүн абалы оор.

Украин данын экспорттоонун негизги борбору саналган Одесса согуш башталганы утур-утур Орусиянын армиясынын чабуулуна кабылып келет.

11-октябрдын таңында баш калаа Киев дагы орус күчтөрүнүн дрон чабуулуна дуушар болгонунун мэр Виталий Кличко билдирди. Учкучсуз аппараттардын баары атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Ал эми фронт тилкесинде айыгышкан салгылаш уланууда. Кырчылдашкан кармаш учурда Донецк облусунун Торецк стратегиялык калаасы үчүн жүрүп жатат.

Өткөн аптада орус күчтөрү аймактагы дагы бир стратегиялык түйүн деп саналган Угледарды басып алышкан.

Украин армиясынын Башкы штабы 11-октябрда билдиргендей, соңку 24 саатта орус күчтөрү Харьков, Купянск, Сиверск багыттарында чабуулдарын күчөтүштү.

XS
SM
MD
LG