Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

ДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөт


Бишкектеги Психикалык ден соолуктун республикалык борбору.
Бишкектеги Психикалык ден соолуктун республикалык борбору.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) эсебинде Кыргызстанда калктын 11% психикалык жактан жабыркайт.

ДСУ өлкөдө өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого кабыларын, бул алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, стресске алып келерин билдирди.

2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын болжол менен 15% психикалык оорудан жабыркай турганы такталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча депрессия жана тынчсыздануу жылына болжол менен 12 миллиард жумуш күнүн жоготуп, экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жыл сайын 1 триллион долларга жакын жоготот.

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы маалыматы боюнча, 29 миң 369 адам психикалык дарттан жабыркай турганы аныкталган. 2019-жылы 47 миңден ашуун экени белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG