Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Украинада ракета соккусунан жети кишинин өмүрү кыйылды


Украина.
Украина.

Украинада Орусиянын ракета жана дрон соккуларынан дагы бир нече киши каза болгонун, айрымдары жараат алганын бүгүн 10-октябрда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Одесса облусунда, аймактын администрация башчысы Олег Кипердин айтымында, 9-октябрдын кечинде порттордун бирине урулган ракеталык соккудан жараат алган дагы бир кишинин өмүрү үзүлдү, ал ошол жерде иштеген 46 жаштагы кызматкер болчу. Ага чейин бул чабуулдан каза тапкандар алты, жарадар болгондор 11 киши, алардын жетөөнүн абалы оор деп айтылып жаткан. Баары тең украин жарандары.

Премьер-министр Алексей Кулеба бул жолу Панама өлкөсүнүн туусу менен каттаган контейнер ташуучу «Shui Spirit» кемеси жабыркаганын, ушуну менен соңку төрт күндө Орусия Украинанын Кара деңиздеги порттору аркылуу жүк ташыган чет өлкөлүк кемелердин үчүнчүсүн бутага алганын, орус аскерлери өлкөнүн порт инфраструктурасын талкалоого аракет кылып жатканын айтты.

Запорожье аймагында 10-октябрда эртең менен калктуу пункттардын бирине сокку урулуп, 29 үй кыйраганын, төрт киши жараат алганын облус башчысы Иван Федоров маалымдады.

Ал эми Днепропетров облусунда Орусиянын согуштук дрону Кривой Рог шаарындагы беш кабат үйлөрдүн бирине тийди. Бул тууралуу облустук администрация башчысы Сергей Лысак билдирди. Анын айтымында 82 жаштагы аял жараат алды. Соккудан үйдүн чатыры талкаланып, газ түтүгү жарылган жерде өрт чыккан.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылы февралда ачкан. Ошондон бери агрессиясын улантып, Украинанын чыгышында жай болсо да улам алдыга жылып баратканы маалымдалууда. Жакында Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн учурда украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG