Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:23

Анатолий Антонов Орусиянын АКШдагы элчиси катары ишин аяктады


Анатолий Антонов
Анатолий Антонов

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов дипломаттык миссиясы аяктаганына байланыштуу Мосвкага учуп кеткенин ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Азырынча анын ордуна ким элчи болуп дайындалары белгисиз. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Антоновдун Москвага кайтып барганын ачыктай элек.

Анатолий Антоновдун АКШдагы элчи катары миссиясы жакында аяктай турганы июлда маалымат каражаттарына жазылган. Америкадагы иш сапары аягына чыгарын Антонов өзү да Телеграмга жазган.

Анатолий Антонов Орусиянын Украинага кол салуусун колдоого алганы үчүн эл аралык коомчулуктун "кара тизмесине" киргизилген.

Ал Орусиянын АКШдагы димломаттык миссиясын 2017-жылдан - эки өлкөнүн мамилеси сууй баштаган учурдан тартып башкарып келди. 2017-жылы Сан-Франциско шаарындагы Орусиянын башкы консулдугу жабылды. 2018-жылы Сиэтлдагы консулдук ишин токтотту. Элчиликтердин ишине чектөөлөр Орусия 2016-жылы Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишип, Москва республикачы Дональд Трамптын артында турган деген шектен улам да киргизилген.

Антонов 1955-жылы туулган. 1978-жылы Москвадагы Эл аралык мамилелер институтун аяктаган.

2004-2011-жылдары Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Коопсуздук департаментинин жетектеген. 2016-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалып, 2017-жылы августта АКШга элчи болуп барган.

XS
SM
MD
LG