Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:23

Казакстанда АЭС куруу боюнча референдум өтүп жатат


Бүгүн, 6-октябрь күнү Казакстанда Атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча жалпы элдик референдум өтүп жатат. Өлкөнүн Борбордук референдум комиссиясы (БРК) жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00гө карата добуш берүүчүлөрдүн 17,7% катышканын маалымдады.
Ага ылайык, 2 млн 178 миң 593 адам добуш берүү кагазын алды. Анда "Сиз Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо жазылган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эгеркөпчүлүк макул болсо, атомдук электр станциясын дүйнөлүк ишканалардан турган эл аралык консорциум куруларын билдирген.

АЭС куруу боюнча добуш берүү ага каршы чыккан активисттерди кармоолордон кийин жүрүп жатат. "Урал жумалыгы" басылмасы элден сурамжылоо жүргүзгөнү үчүн айыпталды. Азыркы эрежелерге ылайык, коомдук пикирди беш жылдан кеме эмес убактан бери социологиялык иликтөө жүргүзүү менен алектенген уюмдар БРКнын уруксаты менен гана жүргүзө алышат.

Ага чейин Казакстандын түрдүү аймактарында 6-октябрда АЭСтин курулушуна нааразылык акцияларын уюштурууга уруксат берилбей келген. Жергиликтүү акимчиликтер буга аянттардын бош эместигин, айрымдары быйыл жазындагы суу ташкындан улам киргизилген чукул кырдаалга байланыштырып уруксат беришкен эмес.

6-октябрь күнү добуш берүү башталгандан көп өтпөй, айрым добуш берүү тилкелеринен жарандык уюмдардын байкоочулары чыгарыла баштаганы кабарланды.

Референдум өткөрүү чечимин президент Касым-Жомарт Токаев сентябрдын башындагы жалпы элге кайрылуусунда билдирген.

XS
SM
MD
LG