Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Чүйдө эки адам алдамчылыкка шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунда жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, алдамчылык менен шугулданган жарандар кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады.

Ага ылайык, быйыл 29-апрелде Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) 34 жаштагы С.М. аттуу жаран Б.С. жана А.А. аттуу жарандарга чара көрүп берүүнү суранып, кайрылган. Ал Б.С. жана А.А. аттуу жарандар менен 2023-жылдын март айында Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы жер тилкесине көп кабаттуу үй курууга макулдашкан.

"Андан соң, ошол эле жылдын апрель айында Б.С. жана А.А. жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, бул жер тилкесине тиешелүү документтерди бүтүрүүгө жардам берем деп, арыз ээси С.М.ден анын кымбат баалуу унааларына ишеним кат жаздырып алып, алдоо жолу менен ири өлчөмдөгү акчаны алып, из жашырышкан", - деп билдирди милиция.

Бул факты Аламүдүн РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция ушул эле эки жарандын үстүнөн 380 000 доллар акчасын алдамчылык жолу менен алып койгондугун билдирген даттануу түшкөнүн, "жыйынтыгында Б.С. жана А.А. аттуу шектүүлөрдүн алдамчылык кылмыш аракеттери менен С.М. жана Д.М. аттуу жарандарга жалпы 41 млн 277 310 сомдук материалдык зыян келтирилгенин" маалымдады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан 32 жаштагы А.А. жана 57 жаштагы Б.С. бул кылмыштарга шектүү катары кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тинтүү учурунда алардын унаасынан А.А. аттуу жарандын атына жазылган УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү табылып, алынган.

Чүй облустук милициясы алдамчылыкка шектелип кармалган Б.С. жана А.А. аттуу жарандардын кылмыш аракеттеринен жабыркагандарды милицияга кайрылууга чакырды.

Милиция, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети буга чейин да мамлекеттик жогорку жетекчилердин атын жамынып, алдамчылык кылып жүргөн жарандар кармалганын кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG