Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Украина Орусия дрон жана ракета менен аткылаганын, үч киши каза болгонун билдирди


Украина.
Украина.

Украинада соңку суткада төрт облуста Орусиянын чабуулдарынан дагы үч киши каза болгонун, 24 киши жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 4-октябрдын таңында билдиришти.

Каза тапкандардын экөө Донецк облусунун, үчүнчүсү Херсон облусунун тургундары экени, Херсондо 14 калктуу пункт аткыланып, үйлөр жана социалдык инфраструктура объектилери талкаланганы, Харьков облусунда үйлөр кыйрап, энергетика түйүндөрү жабыркаганы, ал эми Сумы облусунда дрон чабуулунан сегиз киши жараат алганы маалымдалды.

Мындан тышкары Запорожье облусунун он чакты айыл-кыштагы бир суткада 493 жолу аткыланганы маалым болду.

Жалпысынан, Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн билдиришинче, 4-октябрга караган түнү Орусия Украинанын калктуу пункттарына Shahed дрондорунан 19ду учурду.

Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличко көп кабаттуу үйлөрдүн бирине дрон сыныгы тийгенин, адамдар арасында жабыркагандар жок экенин айтты.

Ал эми фронт тилкесинде, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 4-октябрдагы маалыматында айтылгандай, кечээтен бери 142 жолу кагылышуу болду.

«Такталган маалымат боюнча, кечээ душман украин аскерлеринин турумдарына жана калктуу пункттарга үч жолу ракета менен атты, 67 жолу авиа сокку уруп, 135 башкарылуучу авиабомба таштады. 4 миңден ашуун аткылоо болду, анын 105и жапырт аткылоочу реактивдүү системадан жасалды жана 1585и жанкечти дрон болду», – деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) 3-октябрдагы баяндамасында орус аскерлеринин Украинанын чыгышындагы азыркы операциясы көпкө узай албай турганы, «жакынкы айларда же апталарга чегине жетери» белгиленди.

2-октябрда Украина Донецк облусундагы согуш башталгандан бери кармашып келген Угледар шаарын орус аскерлерине алдырганын тастыктап, жоокерлерин ал жактан чыгарып кеткенин «аскерлерди жана техниканы сактап калуу, мындан аркы аракеттер үчүн турумдарды ээлөө» максаты менен түшүндүргөн.

Угледардын оккупацияда калышы Донбасстагы абалды олуттуу өзгөртө албай турганы, бирок эми анын жанындагы Курахово шаарчасына жана жалпы Покровск багытына коркунуч жаралып жатканын талдоочулар белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG