Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Дрезденде борбордук көпүрөнүн бөлүгү урап калды


Карола көпүрөсү. Дрезден, 11-сентябрь, 2024-жыл
Карола көпүрөсү. Дрезден, 11-сентябрь, 2024-жыл

Германиянын чыгышындагы Дрезден шаарында көпүрөнүн бир бөлүгү урап калды. DW маалымдагандай, эч ким жабыркаган жок. Эльба аркылуу өтчү көпүрө менен трамвайлар, жөө жүргүнчүлөр жүрчү.

Окуя шаршембиге караган түнү, саат 3төр чамасында болгон. Алдын ала кабарларда айтылгандай, көпүрөнүн урашына жылуулук түтүгүндөгү авария себеп болушу мүмкүн. Шаардын борбордук жылуулук системасы иштен чыгып, ысык суу дарыянын жээгин каптаган.

Маанилүү транспорт жолу болгон Карола көпүрөсү Дрездендин эски жана жаңы бөлүктөрүн туташтырат.

Bild басылмасы жазгандай, акыркы трамвай ал жер менен кырсыкка тогуз мүнөт калганда өткөн, акыркысы жарым сааттан кийин жүрмөк. Куткаруучулар көпүрөнүн калган бөлүктөрү да суу астында калат деп чочулашат.

Карола көпүрөсү Саксониянын падышасы Альберттин жубайынын урматына аталган. 1892-жылы курулуп, 1945-жылдын майында немис армиясы тарабынан жардырылган. 1971-жылы кайрадан тургузулган.

XS
SM
MD
LG