Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Өзбекстанда бийликти сындаган блогер жети жылга эркинен ажыратылды


Өзбекстанда мамлекеттик органдардын ишин ачык сындап жүргөн блогер Отабек Ахлиддинов 7,1 жылга эркинен ажыратылганын 19-декабрда «Озодлик» радиосу билдирди. Ташкенттеги "Эзгулик" укук коргоо уюмунун төрагасы Абдурахман Ташановдун айтымында, Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдоо жолу менен ээлеп алуу же тоноо” беренесинин негизинде козголгон иш Анжиян облустук сотунда каралып, Ахлиддинов күнөөлүү деп табылды.

Анжиян облусунун Шахрихан районунун борбордук бейтапканасында бөлүм башчы болуп иштеп келген Отабек Ахлиддиновго 200 миллион сумду (16 миң долларга жакын акча) жымырып алган деген айып тагылган.

Блогерди быйыл сентябрь айында кармап кетишкен. Алгач Ханабад райондук сотунун өкүмү менен ал 5,1 жылга эркинен ажыратылган. Кийин прокуратуранын протестинен улам иш Анжиянда апелляциялык негизде каралды.

Ахлиддинов «Эзгулик» укук коргоо уюмунун мүчөсү катары мамлекеттик органдардын иши боюнча сын көз карашын билдирип келген.

Буга чейин Өзбекстанда Отабек Саттори, Олимжон Хайдаров жана башка блогерлер соттун чечими менен түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылган. (RK)

XS
SM
MD
LG