Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Иликтөөчү журналисттер Матраимов менен Абдукадыр куда болгонун таап чыкты


Коллаж.
Коллаж.

OCCRP, Kloop, “Власть” жана Temirov LIVE басылмалары биргелешкен иликтөөсүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бул тармакта коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алган Райымбек Матраимовдун уулу менен кытайлык бизнесмен, Борбор Азияда жүз миллиондогон долларлык көмүскө карго империясын түзгөн Хабибула Абдукадырдын кызы баш кошконун таап чыкты.

Үйлөнүү үлпөтү 2021-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы Sheraton мейманканасында өткөнүн кезинде бир катар басылмалар жазып чыккан. Айрым медиа күбөлөргө таянуу менен тойго келген коноктордун телефондорун алып коюшканын жана сүрөт-видеого тартууга тыюу салышканын жазган.

Төрт медианын иликтөөчү журналисттери социалдык түйүндөр аркылуу Алматыдагы кыз узатуудан тартылган видеолорду таап, Райымбек Матраимов менен Хабибула Абдукадыр күмөндүү бизнес жагынан эле эмес, куда-сөөк болгонун да аныкташты. Иликтөөчүлөр жарыялаган материалдарда тойдо Хабибула Абдукадыр, Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова жана Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, парламенттин депутаты Искендер Матраимов жүргөнү көрүнөт.

OCCRP, Kloop, “Власть” жана Temirov LIVE буга удаа жасаган өзүнчө материалында президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун достору Хабибула Абдукадыр менен бизнес өнөктөш экенин жарыялады.

Хабибула Абдукадыр, Райымбек Матраимов, Искендер Матраимов жана президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров бул иликтөөлөргө байланыштуу комментарий бере элек.

“Азаттык” комментарий сурап президенттик администрацияга кайрылды, азырынча жооп алган жок.

“Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана Kloop порталынын “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген үч-төрт жыл мурдагы иликтөөлөрүндө көпчүлүккө белгисиз Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов көмүскө схеманы түзгөнү аныкталган.

Андан кийин “Азаттыктын” “Матраимовдор иши: Дубайдагы мүлк” деген иликтөөсүндө Райымбек Матраимовдун жубайынын Дубайда Абдукадырлар үй-бүлөсү менен инвестициялык бизнеси бар экени билинген.

2020-жылкы Октябрь окуяларынан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаров эл алдында Райымбек Матраимов камаларын убада кылган. Кийин Матраимов кармалып, сотто күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 2 млрд. сом төлөп бергенден кийин абактан бошотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG