Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Швеция экстрадициялаган беларус жараны мекенинде кармалды


Швециянын Минскидеги элчилиги.
Швециянын Минскидеги элчилиги.

Швеция баш паанек берүүдөн баш тартып, мекенине депортацияланган беларус жараны Минскиде кармалды. Бул тууралуу шведдердин Sveriges Radio радиосу кабарлады. Маалыматка караганда, беларус жараны Швецияга эки жыл мурда апасы менен барган. Алар Беларуста 2020-жылкы президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган митингдерге катышканын жүйө кылып, баш паанек сурашкан. Алар тапшырган документтерде Беларуста кылмыш иши козголгонун, абакка кесилип кетүү ыктымалдыгы белгиленген.

Буга карабай, 2023-жылы швед бийлиги аларга баш паанек берүүдөн баш тарткан.

Маалыматтарга караганда, беларус жарандарын бир жума мурда мекенине депортациялашкан.

Туугандарынын айтымында, аларды чек арада кармап, Минскидеги тергөө абагына алып кетишкен. Апасы кое берилген.

Беларустагы "Вясна" укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, 28-августка карата Беларуста саясий туткун деп 1371 киши таанылган. Алардын көбү 2020-жылдагы нааразылык акциясына чыкканы үчүн куугунтукталган. Айрымдары менен ушул күнгө чейин байланыш жок.

2020-жылы августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. Анда өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңүүчү деп аталган жана алтынчы мөөнөткө калган. Шайлоо бурмаланганын айткан жарандар нааразылык акциясына чыгып, жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Оппозициянын бул акциялары күч менен басылган. Бийлик оппоненттерине каршы миңдеген кылмыш ишин козгогон, жүздөгөн киши, арасында оппозиция лидерлери узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Жапырт репрессиядан кийин акциялар токтогон.

XS
SM
MD
LG