Сатыбалды сотко жолдогон өтүнүч катында өз ыктыяры менен соңку эки жылда мамлекетке жалпы суммасы 1,6 миллиард доллар акча жана мүлкүн өткөрүп бергенин жүйө келтирген.
53 жаштагы Кайрат Сатыбалды "алдамчылык же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү" жана "ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу" беренелери боюнча айыпталып, 2022-жылы алты жылга кесилген. 2023-жылдын декабрында аны түрмөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуу өтүнүчүн келтирилген. Бирок сот аны кароодон баш тартып койгон.
"Каталарымды моюнга алам"
16-августта Өcкемен шаарынын соту Сатыбалдынын жаза чарасын жумшартуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырып, жаза мөөнөтүн үч жыл үч айга кыскартты.
Сатыбалды сотко жолдогон өтүнүчүндө абакта ага оң мүнөздөмө берилип жатканын, келтирилген зыяндын ордун толтурганын жана өз ыктыяры менен мамлекетке жалпы суммасы 700 миллиард теңгелик акча жана мүлк которуп бергенин жүйө келтирип жазганы маалымдалды. Абак жетекчилиги анын мындай өтүнүчүн колдогон.
Прокуратура да соттон Сатыбалдынын өтүнүчүн канааттандырууну суранып, ал жазанын жумшагыраак түрүн чегерүүгө зарыл шарттардын баарын аткарганын билдирген.
Ошол эле күнү казакстандык маалымат агенттиктери Кайрат Сатыбалды президент Касым-Жомарт Токаевден да кечирим сураган видеолорду жарыялашты.
"Элибизде "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" деген сөз бар. Мен каталарымды моюнга алам. Мага козголгон кылмыш иши боюнча бийлик өкүлдөрүнө жардам берип, мыйзамсыз акчанын баарын кайтарып жатам. Мыйзамсыз чыгарылган байлыктарды кайтарууну элдин ырыскысын кайтаруу деп эсептейм. Бул мамлекет башчынын кабыл алган чечимдеринин бири. Муну көргөндөн кийин эч ким элдин ырыскысын сыртка чыгарбайт. Мыйзамсыз чыгарылган бардык мүлк тыйынына чейин кайтарылышы керек", - деди ал сотто.
Кайрат Сатыбалды — Нурсултан Назарбаевдин 1981-жылы автокырсыкта каза болгон иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 2018-жылы казакстандык Forbes журналы Кайрат Сатыбалдыны Казакстандагы эң бай 50 бизнесмендин тизмесине киргизген. Анын байлыгы 163 миллион доллар деп бааланган.
Ал Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Кадр кызматын жетектеген, Астана акиминин орун басары, "Казакойл" жана "Казакстан темир жолу" компанияларынын вице-президенти болгон.
2010-2015-жылдары ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев негиздеген "Нур Отан" (2022-жылы "Аманат" деп аталган) партиясынын катчысы болуп иштеген. Кийин бир катар коммерциялык ишканаларды жетектеп, "Казактелеком" улуттук телекоммуникациялык компаниясынын акцияларынын ээси болгон.
Мамлекетке кайтарылган мүлк
Ал тапта Казакстандын Башкы прокуратурасынын Активдерди кайтаруу комитети 15-августта Кайрат Сатыбалдынын мамлекетке кайтарган байлыгынын тизмеcин жарыялады. Анда 100 миллион теңгеге бааланган зер буюмдар, сааттар жана башка 174 даана кымбат баалуу буюмдар мамлекетке кайтарылганы айтылат.
Бириккен Араб Эмираттарынан кымбат баалуу эки унаа, Дубайдагы эки вилла, Франциядагы төрт батир, Москвадагы турак жай комплекстериндеги 15 кыймылсыз мүлк, Түркиянын Бодрум жана Стамбул шаарларында эки вилла жана батирдин активдери Казакстанга кайтарылганы кабарланды.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кайрат Сатыбалды соңку эки жыл ичинде мамлекетке 783 миллиард теңгелик (1,6 миллиард доллар) акча жана мүлк которуп берген.
Буга чейин жыл башында Кайрат Сатыбалды Казакстанда ага таандык жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлктөрүн мамлекетке кайтарган. Жемкорлукка каршы комитеттин маалыматына ылайык, Алматы менен Астанада мамлекетке кайтарылган административдик имараттардын жалпы көлөмү 180 миң чарчы метрден ашат.
Сатыбалдынын Акмоло облусунун Объект айылындагы жалпы аянты 135 гектар жери Астананын билим берүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мекеменин өкүлдөрү бул каражаттар мамлекетке кайтарылып, социалдык максаттарга жумшаларын билдирген.
Деген менен казак мажилисинин депутаты Максат Толыкбай Сатыбалдынын жазасынын жеңилдетилиши тергөө менен Ак ордонун ортосундагы "келишимдин" жыйынтыгы деп эсептейт. Ал "Азаттыктын" казак кызматына курган маегинде, казак коомуна чет өлкөгө уурдалып, кайра кайтарылган мүлктөн пайда жок экенин, аларды иликтеген комиссиянын иши ачык айтылбай жатканын белгиледи.
"Эки тараптын ортосунда бир келишим болушу мүмкүн. Анткени мындай окуялар коомдо ачык айтылат. "Сыртта жашырылган мыйзамсыз мүлкүң болсо, өз эркиңер менен мамлекетке кайтарсаңар, соттолбоого мүмкүнчүлүгүңөр бар" деген чакырыктар айтылып эле келет. Кайрат Сатыбалды 700 миллиард ашык байлыгын кайтарды. Бизде атайын комиссия курулуп, сыртка уурдалган активдер мамлекетке кайтарылып жатат. Бирок ал миллиарддар кайда жумшалып атат? Ар бир тыйынын ачыктабаса биз расмий мекемеге кантип ишенебиз? Комиссиянын курамында кимдер бар? Өзгөнү кой, биз депутаттар биле албай отурабыз. Расмий кат да жолдодук бирок 1-2 депутаттан башка эч ким ооз ачпайт",- деди казак депутаты.
Ал эми казакстандык саясат таануучу Димаш Алжанов Сатыбалдынын абактан чыгышына Токаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин, экс-президент Нурсултан Назарбаевге убадаланган кепилдик сакталарын айтып, кандуу Январь окуялары жана анын кесепеттери тыкыр изилденбей көз жаздымда калат деген пикирде.
"Токаевдин Сатыбалдынын иши боюнча чечими "Жаңы Казакстан" тууралуу бардык кеп-сөздөрдү жапты. 22-январда Токаев Коопсуздук кеңешинин туткасын колго алып, режимди турукташтыра баштаганда, алдын ала макулдашылган келишимдин белгилери байкалган болчу. Сатыбалдыга экономикалык беренелер менен айып тагылганда ага карата чектөөлөр болгону ошондо эле байкалган. Соттун бул чечими Токаевдин Каңтар окуялары жана "Жаңы Казакстан" маселесин жапты дегенди билдирет. Назарбаев менен келишим жана убада сакталды, бирок коомчулук чындыгында эмне болгонун билбейт. Анткени январдагы калабаны да, экс-президенттин туугандарынын экономикалык кылмыштарын да терең изилдөөгө эч ким кызыкдар эмес.
Саясат мындай турсун, чет өлкөгө чыгарылган байлык боюнча олуттуу иликтөөнү көрбөй жатабыз, жалпы айтылып жаткан сандарга ишенүү абдан кыйын. Бул кайтарылган 1,3 же 1,6 миллиард доллардын акыркы "кожоюну" ким? Мамлекетке кайтаруу формалдуу нерсе. Жеке менчик кандайча бөлүштүрүлгөн, Назарбаевдердин үй-бүлөсү кантип жазага тартылганы коомчулукка белгисиз. Бизде бюджетке көзөмөл жок. Аны толуктоо жол-жобосу, январдагы нааразылык акцияларынан кийин түзүлгөн фонддун ишмердүүлүгү ачык айтылбайт. Биз эмне үчүн Каңтардан кийин ачык улуттук комиссия түзүлүшү керек деп айттык? Анткени, бул комиссия кайтарылган мүлк тууралуу коомчулукка маалымат бермек. Ошондуктан бул Назарабевдин үй-бүлөсүн алсыратуубу же өз ара келишимби, билбейбиз", - дейт Димаш Алжанов.
Президент Касым-Жомарт Токаев Каңтар окуяларынан кийин четке чыккан акчаны кайтарууга бел байлаган. Ал чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылган каражатты кайтаруу боюнча мекемелер аралык атайын комиссия түзүү тууралуу чечим чыгарган. Ак ордо түшүндүргөндөй, башкы прокурор жетекчилик кыла турган комиссия казак жарандары чет өлкөгө чыгарып кеткен акчаны кайтарып келүү боюнча "комплекстүү жумуштарды" жүргүзөт.
Алгачкы шектүүлөрдүн катарында Кайрат Сатыбалды, анын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалды, экс-президенттин тун кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев, экс-президенттин кичүү кызы Алия Назарбаева бар.
Буга чейин Токаев өлкөнүн байлыгынын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алган адамдардын тар чөйрөсү тууралуу бир нече жолу айткан. Ал өлкөнүн экономикалык ресурстары айрым бай адамдардын колуна өтүп, аларга ашыкча жеңилдиктерди берген мыйзамдарды кайра карап чыгуу зарыл экенин билдирген.
2022-жылдын башындагы кандуу Январь окуяларынан бир ай өткөндөн кийин казак мажилисинин депутаттары соңку 25 жылда Казакстандан чет элдик офшорлорго 140-160 миллиард долларга жакын акча чыгарылып кеткенин билдирген. Айрым эксперттер өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган акчанын көлөмү мындан да көп болушу мүмкүн экенин эскертишет.
Ошол эле учурда президент Токаев негизги максат "сотко түшкөн кылмыш иштеринин саны эмес, экономиканы калыбына келтирүү" экенин айтып жүрөт.