Соңку бир канча аптада Назарбаевдин үй-бүлөсүнөн өзгөчө активдүүлүктү байкоого болот.
Путин менен жолугушуу
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Москвага барып, Орусиянын башчысы Владимир Путин менен жеке жолугушуу өткөргөнүн РБК басылмасы орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянып маалымдады.
"Ал [Назарбаев] чынында эле Москвада болду жана президент менен жолугушту", - деди Песков.
Бир нече күн мурда UlysMedia басылмасы 19-декабрда Путин менен Назарбаевдин бейформал жолугушуусу өткөнү жатканын жазган жана демилгечи Казакстандын экс-президенти экенин белгилеген.
Орусиялык Telegram каналдардын маалыматында, Назарбаев Москвага 18-декабрда учуп барган.
Казакстандын тарыхында "Кандуу каңтар" деген ат менен калган 2022-жылдагы Январь окуясынан кийин ички да, эл аралык да саясий аренадан дээрлик көрүнбөй, өлкөнү башкарып турган учурда алган бир топ макамынан расмий ажыраган Назарбаевдин мемуарына байланыштуу талкуу токтой электе, анын Путин менен жолугушуусу жаңы дискуссияга жол ачып олтурат.
Казакстандык саясат талдоочу Димаш Алжанов мындай жолугушуулар артында саясий максаттар болушу ыктымал экенин айтууда:
“Назарбаев өзүнүн аброюн акырындап калыбына келтирүүгө аракет кылууда. Каңтар окуясынан кийин, эсиңиздерде болсо, коомчулук анын кетишин талап кылып, “Чал, кет!” деген ураандарды айтып чыккан. Коомдо өзгөрүү болду. Назарбаевдин легитимдүүлүгүнөн шек жаралды. Ошондуктан аброюн кайтарууга тырышып жатат. Бул үчүн бир нече кадам жасады – Астанада мечит ачып, кайтыш болгон бир тууганына куран окутту, китебин жарыкка чыгарды, кыздары менен форумга катышты. Мунун баары анын акталып, кайрадан эл алдына чыгышына кадам жасаганы. Кремль Казакстандагы элитанын аракетине да, күч органдарынын ишине да таасир этип турат”.
Акыркы жолу Назарбаев менен Путиндин жеке жолугушуусу 2022-жылдын июнь айында өткөн. Андан мурда экөө кандуу Январь окуясына чейин, 2021-жылдын декабрында Санкт-Петербург шаарында жолуккан.
Саясат талдоочу Дос Көшим Назарбаевдин бир кезде чогуу иштешкен саясий лидерлер менен жолугушууларын кадыресе көрүнүш деп эсептейт:
“Президенттик кызматты ээлеп жүргөн адам катары анда калыптанып калган адат, көкүрөктөгү ойлору бар чыгар. Экинчиден, жолдоштору бар, ар жакка бара алат. Ошондуктан анын мындай сапарларынан күмөн саноочу эч нерсе көрбөйм. Себеби президент бар, 2019-жылдан тартып бизде президент Касым-Жомарт Токаев, бардык маселеге ал өзү жооп берет. Назарбаев аралашып, китепканада отуруп алып башкарып, президентти иштетпей жатканы тууралуу сөздөрдүн баары Токаевди актоо үчүн айтылууда”.
Жакында жарыяланган “Менин өмүрүм. Көз карандылыктан эркиндикке карай” деген аталыштагы мемуарында Назарбаев Путиндин китептерине бир нече жолу кайрылып, аны "сөзүнө жана достукка бекем турган адам" катары сыпаттап жазган. Ошол эле китебинде Казакстандын мурдагы башчысы Орусиянын 2022-жылы Украинага кол салганы үчүн Батышты айыптаган.
Назарбаевдин мемуары
1-декабрда Назарбаевдин “Менин өмүрүм. Көз карандылыктан эркиндикке карай” деген китеби жарыкка чыкты. Анда ал алгачкы жолу өз үй-бүлөсү жөнүндө ачык айтып берип, бейрасмий никеде төрөлгөн эки уулу бар экенин билдирген. Январь окуясына көз караштары менен бөлүшкөн.
Саясат талдоочу Серик Абдырахманов мурдагы президенттин соңку аракеттери кооптондурат деген пикирде. "Азаттыктын" казак кызматынын "Назарабаев бул китебинде чындыкты айта алганбы?” деген суроосуна ал:
"Ал чындыкты айта албайт. Эгер чындыгын айта турган болсо, аны камакка алуу керек болот" мунун китеп жазып, эл алдына чыга баштаганы "Мен тирүүмүн, бармын" деп белги берип жатканы. Болот инисине куран окутканда өңчөй өзүнүн ууруларын, кан ичерлерин жыйнады. Демек, ал чабуулга даярданып жатат. Биздин казак эли өтө жоош, момун. "Аңкоо элге арамза молдо" дегендей, Назарбаев кайрадан өзүнүн "молдолугун" жүргүзгүсү бар", - деп жооп берди.
12-декабрда экс-президент сегиз жыл мурда өзү негиздеген Astana Club дискуссия аянтчасынын кезектеги жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Жыйынга анын улуу кызы, атасынын тушунда негизги саясий кызматтарды ээлеп келген, кийин коомдук иштер менен алектенүү үчүн кеткенин айткан Дарига Назарбаева, ортончу кызы Динара Кулибаева да катышты.
Клубда сүйлөгөн сөзүндө 83 жаштагы Назарабаев 2019-жылы кызматын өз ниети менен тапшырып бергенин, ошондон бери эч кандай пост ээлебегенин, бирок "өмүрүн өз өлкөсүнө арнап койгон адам" катары "балдар жана неберелер жашай турган бул дүйнөнүн азыркысы жана келечеги тууралуу" дайыма ойлоно берерин айтты.
Январь окуяларынан кийинки өзгөрүүлөр
2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон.
Андан эки жыл мурда бийликтен кеткенин жарыялап, бирок иш жүзүндө өлкөнү өзү башкарып турган Назарбаев казак тарыхында кара так болуп калган бул окуяга жоопкер эместигин жана эбак эч нерсеге аралашпай калган “пенсионер” экенин айткан.
Январь окуясы Казакстандын гана эмес, Назарбаевдин тажрыйбалуу саясатчы катары тарыхындагы да бурулуш окуя болду.
Бул кандуу окуяга, айрым серепчилердин пикиринде, Назарбаевдин командасы менен Токаевдин тегерегиндеги топ ортосундагы күрөш себеп болгон. Нааразылык акциялары башаламандык менен уланып, абал курчуганда Токаев Коопсуздук кеңешиндеги төрагалыкты өзүнө алган, саясий аренанын алдыңкы катарына өзү чыгып, Назарбаевдин таасирин кыйла алсыраткан.
Андан бери Казакстандын Конституциясы эки жолу өзгөртүлдү.
Өлкөнүн башкы мыйзамынан тунгуч президент тууралуу сөздөрдүн баары, анын ичинде Назарбаев эгемен Казакстандын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн норма да алынды. Кийин аны "эл башы" макамынан да ажыратышты.
Назарбаевдин көптөгөн туугандары бийлик органдарынан кетирилип, айрымдары камакка алынды, көчөлөрдөн анын аты менен байланышкан, айткан цитаталары жазылган такталар алынып, китеп дүкөндөрүндө катар-катар тизилип турган китептери жана сүрөттөрү жок болду.
Борбор шаардын аталышы Нурсултандан кайра Астана болуп өзгөртүлдү, "Биринчи президенттин күнү" майрамдардын тизмесинен алынды, Назарбаевди айга-күнгө теңеген аткаминерлердин бири сот жообуна тартылды.
Көп өтпөй Назарбаевдин фонддору аркылуу башкарылган миллиарддаган байлык боюнча иликтөө жарыяланды. Анда ал төрт жеке кайрымдуулук фонду аркылуу кеминде 7,8 миллиард долларлык активдерди көзөмөлдөгөнү айтылган.
Бул окуялардан кийин алгачкы жолу экс-президент эл алдына быйыл гана жазында чыкты – 19-мартта ал парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бекетине барды.
Укук коргоочулар буга чейин Назарбаевди демократиялык эмес жараяндар аркылуу өз ыйгарым укуктарын узартууга, бийлигинен кыянат пайдаланууга, башкача ойлонгондору куугунтуктоого, атаандаштарын жоготуу үчүн басым-кысымды колдонууга айыптап келген.
Кандуу Январь окуяларынын маалында, расмий маалымат боюнча, 238 киши набыт болгон, жүздөгөн киши жараат алган.