Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:26

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталганын билдирди


Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагы. Архив.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагы. Архив.

Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталганын ырастады. Бул боюнча 30-июлда “Азаттыкка” өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, чечиле элек 6% тилке Баткен районунун аймагындагы “татаал жерлер”.

“11-17-августта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун жолугушуусу өтөт. Биз калган жерлерди да тактаганга аракет кылабыз”, - деди Бөрүбаев.

Мунун алдында тажикстандык басылмалар Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзоданын 26-июлдагы маалымат жыйында айткандарына таянып, кыргыз-тажик чек арасынын 94% бөлүгү такталганын жазып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар катталып келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада кандуу кагылышуулар болгон.

XS
SM
MD
LG