Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:28

Аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештер таркатылат


Ош облусундагы айылдык кеңештердин бириндеги шайлоо. 9-апрель, 2023-жыл.
Ош облусундагы айылдык кеңештердин бириндеги шайлоо. 9-апрель, 2023-жыл.

Кыргызстанда жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында шаардык жана айыл аймактык кеңештер таратылат. Бул тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгону 30-июлда белгилүү болду.

Аймактык реформанын алкагында бир катар мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү төрт жылдан беш жылга чейин узартылган.

Маалыматта жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы менен административдик-аймактык бирдиктердин чектеринин өзгөргөнү себептүү жергиликтүү кеңештер таркатылууга тийиш экени жазылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону быйыл күзүндө өткөрүү пландалып жатканын Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында билдирген.

19-июлда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” мыйзамына кол койгон.

Жапаров былтыр 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирүү башталган.

Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган. Анын алкагында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарган.

Ирилешип жаткан айыл аймактарда жана шаарларга кошулуп жаткан айылдарда жайыт, үлүш жана башка жерлерине байланыштуу нааразылыктар болгон.

XS
SM
MD
LG