Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:25

Германияда "Ислам мамлекетин" каржылоого шектелген орус жарандары кармалды


Немис полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Немис полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын Федералдык прокуратурасы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каржылык колдоо көрсөтүүгө шектелген Орусиянын эки жараны кармалганын 25-июлда билдирди. Маалыматка караганда, Абдулрашит Д. жана Сурхо З. атуу жарандар Шлезвиг-Гольштейн аймагында жана Гамбург шаарында колго түшкөн.

Ошол эле маалда полиция Берлин, Гамбург, Шлезвиг-Гольштейн жана Саксония аймактарында рейддерди өткөрдү.

Прокуратура маалымдагандай, кармалган жарандар 2022-жылдын жайында үчүнчү адамдар түзгөн кылмыштуу топко кошулган. Алардын максаты "Ислам мамлекети" радикал уюму үчүн Германия жана башка Европа өлкөлөрүнөн каражат чогултуу эле. Бул процесс негизинен социалдык тармактар аркылуу жүргөн. Топтолгон акча "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун мүчөсүнө өткөрүлүп берилчү. Каражат негизинен аталган террордук топтун мүчөлөрүнүн жана алардын аялдарынын күнүмдүк жашоосунда колдонулган.

Прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, Абдулрашит Д. акча чогултуу жана касса үчүн жооп берип келген. 2023-жылдын апрелинде ал Сурхо Зга 12 миң евродой которгон. Ал эми Сурхо Знын жетекчилигин алдында 25 миң евродой топтолгон.

Былтыр жайда Германия менен Нидерландда теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен кыргызстандык, тажикстандык, түркмөнстандык жарандар кармалган. Алар бири-бирин көптөн бери билгени, ал жакка Украинадан согуш башталгандан көп өтпөй барышканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG